Кыргыз Республикасынын ишканаларынын финансысы – 2014-2018” статистикалык жыйнак басылып чыкты

Басылмалардын датасы: 30.09.2019


Басылма 2014-2018-жылдардагы экономиканын реалдуу жана финансы секторлорунун ишканаларынын финансылык көрсөткүчтөрүнүн талдоосун камтыйт. Жыйнактын бөлүмдөрү экономиканын секторлоруна: реалдуу сектордун, финансылык сектордун ишканасына жана үй чарбасын тейлеген коммерциялык эмес уюмдарга ылайык жайгаштырылган. Тиркемелерде экономикалык ишмердиктин түрлөрү жана аймактар боюнча жылдык динамика менен статистикалык таблиицалар келтирилген.

Жыйнакта экономиканын ишканаларынын жана тармактарынын, финансы-кредиттик тутумдун, камсыздандыруу компанияларынын жана инвестициялык фонддордун финансылык абалын мүнөздөгөн статистикалык маалыматтарга кыскача методологиялык түшүндүрмөлөр келтирилген.

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылууңуздарды сунуштайбыз (996 (312) 324703).

 

_________________________________________________________________________________________________________

                      Финансы статистикасы бөлүмү  |     e-mail: m.abdukadirova@stat.kg     |      тел. + 996 (312) 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 30.09.2019, 16:03