«2019-жылы Кыргыз Республикасынын Ресурстар–Колдонуу таблицалары» статистикалык жыйнагы басмадан чыкты

Басылмалардын датасы: 20.10.2021


   Жыйнак, алардын булагы ички өндүрүш жана импорт болуп саналган ар кандай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө ресурстарды түзүүнү гана эмес, ошондой эле бул ресурстарды ар кандай суроо-талаптардын  - ортоңку жана акыркы компоненттеринин ортосунда бөлүштүрүүнү да чагылдыруучу өз ара байланышкан "Ресурстар - Колдонуу" таблицаларын (РКТ) камтыйт. “Ресурстар жана Колдонуу” таблицаларындагы маалыматтар, ар кандай булактардан алынган маалыматтарды салыштыруу жана баалоо жолу менен экономикадагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн агымдарын толук талдоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, РКТда республиканын чарбалык субъекттери тарабынан өндүрүлгөн, ошондой эле өлкөгө импорттолуп келген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси келтирилди, аларды ички рынокто пайдалануунун жана башка өлкөлөргө экспорттоонун агымдары чагылдырылды.
Жыйнакта келтирилген таблицалар өлкөнүн ички дүң продуктусун жана анын компоненттерин баалоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.
_______________________________
Сатып алуу маселелери боюнча Улутстаткомдун Башкы Эсептөө борборунун Маркетинг кызматына +996 (312) 32-47-03 телефону аркылуу кайрылыңыздар.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы электрондук почта: eisenkulova@stat.kg n.zaharova @ stat.kg;
тел. +996 (312) 32-46-95, + 996 (312) 32-46-43
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 20.10.2021, 09:18