«Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердиги 2014-2018» басылмасы басылып чыкты.

Басылмалардын датасы: 16.10.2019


«Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердиги 2014-2018» басылмасы 2018-ж. чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын саны, анда иштегендердин саны, ишканалардын финансылык-чарбалык ишмердиги жөнүндө, ошондой эле өнөр жай продукцияларынын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмү сыяктуу айрым өндүрүштүк көрсөткүчтөр, соода, транспорт жана байланыш боюнча маалыматтарды камтыган статистикалык таблицалар келтирилди. Ишканалардын тышкы экономикалык ишмердиги, негизги капиталга инвестиция жана чет өлкөлүк инвесторлордон түшкөн инвестициялар жөнүндө маалыматтар камтылган. Толугураак «Басылма» бөлүмүнөн караңыздар.

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылууңуздарды сунуштайбыз.

_____________________________________________________________________

 Финансы статистикасы бөлүмү        |     e-mail: m.abdukadirova@stat.kg     |              тел. + 996 (312) 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 17.10.2019, 09:55