«Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердиги 2016-2020» статистикалык басылма басылып чыкты.

Басылмалардын датасы: 20.10.2021


Басылма өткөн жылдарга салыштырганда 2020-жылдагы ошол ишканалардын ишмердигинин көрсөткүчтөрүнүн кыскача талдоосун камтыйт. Чет өлкөлүк инвестициялары бар, иштеп жаткан ишканалардын саны, анда иштегендердин саны, ишканалардын финансылык-чарбалык ишмердиги, ошондой эле өнөр жай продукциялары (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) сыяктуу айрым өндүрүштүк көрсөткүчтөр, дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо, ошондой эле транспорт жана байланыштын көлөмү тууралуу маалыматтар келтирилди. Ишканалардын тышкы экономикалык ишмердиги, негизги капиталга инвестиция жана чет өлкөлүк инвесторлордон түшкөн инвестициялар жөнүндө маалымат камтылган. Кененирээк маалымат алуу үчүн «Басылма» бөлүгүн караңыздар.
Ушул басылманы сатып алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Интеллектуалдык маалыматтар борборунун Маркетинг жана колдонуучулар менен иштөө бөлүмүнүн кызматына кайрылууңуздарды сунуштайбыз.
_____________________________________________
Финансы статистикасы бөлүмү  |  e-mail: m.abdukadirova@stat.kg  |  тел. + 996 (312) 626073
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме жасоого милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 20.10.2021, 09:44