Бир жумада Чүй облусунун Чүй районунун жана Токмок шаарынын элинин жалпы санынын 56 пайызы сынамык эл жана турак жай катоодон өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 01.04.2019


Чүй облусунун Чүй районунда жана Токмок шаарында 25-марттан 3-апрелге чейин, Кыргыз Республикасында 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн чегинде, сынмаык эл жана турак жай каттоо өткөрүлүп жатат.

Баары болуп Чүй облусунун Чүй районунда жана Токмок шаарында 13 каттоо бөлүмү түзүлүп, 362 адам тартылган, алардын ичинен 13-координатор, 55-инструктор-контролер жана 294-каттоочулар, ошондой эле 277 каттоо участкалары түзүлгөн.

2019-жылдын 31-мартына карата, 18 945 турак үй кыдырылып, 63 596 адам катталып, Чүй Чүй облусунун Чүй районунун жана Токмок шаарынын элинин жалпы санынын 56 пайызы сынамык эл жана турак жай катоодон өткөрүлдү.


Акыркы жаңылоо: 01.04.2019, 12:52