Аялдар жана эркектердин оору-сыркоосунун жана өлүмүнүн себептери

Басылмалардын датасы: 22.01.2021


2019-жылы ар кандай оорулар боюнча 1,5 миллионго жакын кайрылуулар катталды, алардын ичинен 57% аялдарга жана 43% - эркектерге туура келди. Эркектер медициналык жардамга сейрек кайрылышат.

Оорулардын  түзүмүндө аялдар арасында көүрөөк жайылган заара-жыныс системасынын оорулары - катталган учурлардын жалпы санынын 80%, эндокриндик система, тамактануунун бузулушу, зат алмашуунун бузулушу - 67,9%, шишик оорулары - 67,1%, кан оорулары, кан системасы органдарынын жана иммундук механизмге таасирин тийгизүүчү айрым бузулуулар - 61,7%, кан айлануу системасынын оорулары - 61,1%, көз жана ага тийшитүү органдардын - 59,9% болуп саналат.

Жалпы өлүмдүн өзгөрүшүнө жыл сайын өлгөндөрдүн жарымынан көбүнүн себептери болуп, кан айлануу системасынын ооруларынан  болгон өлүм көбүрөөк таасири этет (17188 өлгөндөр, же 2019-жылы өлгөндөрдүн жалпы санынын 51,6%). Алардын ичинен эркектер арасындагы өлүм - 51% жана аялдар арасындагы өлүм - 49% түздү.

Эркектер жүрөк-кан тамыр ооруларынан көбүрөөк жабыркашат. Ошол эле учурда, 2019-жылы өлүмдүн ушул себебинен болгон өлгөндөрдүн басымдуу саны -  эмгекке жарактуу курактагы адамдар болгон (5 790 өлгөндөр, же жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгон эркектердин санынын 65,6%). Бирок ушул эле оорулар эмгекке жарактуу курактагы эркек адамдардын өлүмүнүн негизги себептери болуп саналат (ушул жашта каза болгондордун жалпы санынын 34,3%).

Кан айлануу системасынын ооруларынын түзүмүнө токтолсок, эркектер арасында 21% -гипертониядан, 5% - жүрөктүн ишемия оорусунан жана 2% стенокардиядан жабыркаса, ал эми ушул эле учурда аялдардын арасында 36% - гипертония, 7% -  цереброваскуляр оорулары жана 6% - жүрөктүн ишемия оорусунан жабыркашат.

Өлүм себептеринин түзүмүндө экинчи орунду (2019-жылы каза болгондордун жалпы санынын 12,4%) шишик оорулары ээлейт (онкологиялык оорулар).

Эркектер жана аялдардын арасында шишик оорууларынын өнүгүшү да айырмаланып турат - эркектер шишик ооруларынын кайсы бир түрүнө көбүрөөк жакын болсо, ал эми аялдар - башка түрлөрүнө көбүрөөк чалдыгышат. Ошентип, аялдардын арасында онкологиялык патологиясы менен эмчек безинин залалдуу шишик оорулары (20,2%), андан кийин жатын моюнчасынын шишик оорулары (13,5%), ашказан (8,3%), жумурткалар (5,3%), жатындын өзү (4,6%) жана жоон ичеги (2,7%) оорулары түзөт.

Эркектердин арасында шишик ооруулары төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: ашказандагы шишиктери (18,7%), трахея, бронх, өпкө шишиктери (13,4%), лимфа бездери (6,0%) жана эркектердин  жыныс безинин оорусу (5,5%).

Кыргызстанда энелердин өлүмү жогору бойдон калууда. 2019-жылы кош бойлуулуктун, төрөттүн жана төрөттөн кийинки мезгилде оорулардын өөрчүп кеткендигинен 43 аялдын өлүмү катталган, же 100 000 тирүү төрөлгөнгө дээрлик 25 өлүм туура келген.

Жугуштуу жана мите ооруларынан каза болгон адамдардын жалпы санынын жарымы кургак учук диагнозу коюлду. Ушул оорудан каза болгон ар бир 100дүн үчтөн экисинен көбүн (68%) эркектер түздү, алардын 80% эмгекке жарактуу курактагылар болгон.

2019-жылы кургак учук оорусунун эркектер арасындагы көрсөткүчү аялдар арасындагы көрсөткүчтөн 36,3% га ашып, калктын 100 миңине 92 (аялдар арасында 67 адамды) адамды түзгөн. Биринчи жолу кургак учук оорусу аныкталган оорулуулардын арасында эркектердин үлүшү - 57,3%, аялдар үлүшү - 42,7% түздү.

Акыркы жылдары СПИД/ВИЧ-инфекциясынан болгон өлүмдүн көбөйгөн тенденциясы байкалды, бул эркектер үчүн көбүрөөк мүнөздүү келет. 2019-жылы түздөн-түз ВИЧ-инфекциясынан өлгөн 77 өлүм катталды, анын ичинен 27 аял жана 50 эркек. Өлүмдүн ушул себебинен өлгөн эркектеринин көпчүлүгү (49 адам, же 98%) - эмгекке жарактуу курактагы адамдар болгон.

2019-жылы ВИЧ-инфекциясы менен ооруган 850 адам аныкталды, анын ичинен 65 адамга ВИЧ-инфекциянын (СПИД) 4-баскычы диагнозу коюлду. Аныкталган адамдардын ичинен эркектер 58,4%, аялдар - 41,6% түздү.

Калк арасында улуу адамдардын арасында олуттуу көйгөй семирүү болуп калууда. 2019-жылы ашыкча салмактагы эркектер -  40,4% жана аялдар - 32,5% түздү. 12,9% аялдар жана 8,5% эркектер ашыкча салмакта болуп келишет. Ашыкча салмактагы адамдардын эң жогорку үлүшү 30 жаш жана андан жогорку жаштагы эркектер арасында белгиленди.

Аялдарга караганда эркектер 4 эсеге көп өз жанын кыюуга барышат. Эркектердин жол кырсыгынан болгон өлүмү да аялдарга караганда 4 эсеге жогору.

Өлүмдүн себептеринин түзүмүндөгү олуттуу үлүштү табигый эмес өлүмдүн себептери ээлейт (жаракат алуу, уулануу жана тышкы себептердин таасиринин айрым башка кесепеттеринен - 2535 өлүм, же 2019-жылы каза болгондордун жалпы санынын 7,6%). Табигый эмес себептерден болгон өлүм калктын эмгекке жарактуу курактагыларына мүнөздүү (1 962 өлгөндөр же 2019-жылы эмгекке жарактуу курактагы каза болгондордун жалпы санынын 17,6%).

____________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана  тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 25.01.2021, 08:43