Салыктык башкаруу жана статистикалык тутумду модернизациялоо боюнча долбоор ишке кирди

Басылмалардын датасы: 09.03.2021


 

2020-жылы Дүйнөлүк Банк тобунун курамына кирген кредиттик уюм Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы (ЭДА) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (КР Улутстаткому) менен салыктык башкаруу жана статистикалык тутумду модернизациялоо боюнча Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө финансылык макулдашууга кол койду.

              Бул Долбоор институтционалдык реформаларды жүргүзүүгө карата максатталган жана төмөнкү компоненттерден турат:

- 1-компонент: Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) институтционалдык өнүгүшү;

- 2-компонент: МСКтин ыкчам өнүгүүсү;

- 3-компонент: КР УСКнын институтционалдык өнүгүшү;

- 4-компонент: КР УСКнын маалыматтарын жакшыртуу;

- 5-компонент: Долбоорду башкаруу.

              Долбоордун статистикалык компоненттерин ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк Банк "Расмий статистика жөнүндө" жаңы Мыйзамдын иш-аракеттерин ишке ашыруу жана тиешелүү жөнгө салуучу реформаларды жүргүзүү, административдик маалыматтарды санариптештирүү, IT системаларын модернизациялоо, ар кандай ведомстволук тутумдардын өз ара иштешүүсүн жана маалыматтарды пайдаланууну жакшыртуу үчүн  бизнес-процесстерди оптималдаштырууну жакшыртуу, ошондой эле КР УСКнын кызматтарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча методологиялык базаны жана потенциалды жакшыртуу маселелеринде жардам көрсөтөт.

Долбоор 2020-жылдын декабрь айында иштеп баштаган. Долбоордун иш-чараларын натыйжалуу ишке ашыруу максатында КР УСКда 7 кызматкерден турган Долбоорду башкаруу бөлүмү (ДББ) түзүлгөн. ДББ Долбоорду ишке ашыруу маселелеринде координациялоо жана колдоо көрсөтүү боюнча иштер үчүн жоопкерчиликте болот. Азыркы учурда КР УСКнын тиешелүү адистери менен биргеликте Долбоорду ишке ашыруу планы жана бюджети иштелип чыгарылууда.

Мындан тышкары, КР УСК тарабынан иштелип чыккан көпчүлүк консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана толук техникалык тапшырманын негизинде окутууларды ишке ашыруу үчүн КР УСК эки тараптуу өнөктөштү конкурстук (жеке сектордун жана өлкөлөрдүн статистикалык агенттиктеринин консультант-өкүлдөрүнүн арасында консорциумдун) негизде тандап алууну өткөрөт.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика тутуму "бирдиктүү терезе" режиминде мыкты тажрыйбага ээ болот, бул иш-чараларды ишке ашырууга карата убакытты жана чыгымдарды бир кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, бул "бирдиктүү терезе" режиминде эксперттик билимдерди берүү жолу менен ушундай комплекстүү жана татаал долбоорду өз убагында ишке ашырууга көмөктөшөт. Мындан тышкары, эки тараптуу өнөктөш Долбоордун иш-чараларынын талаптагыдай 

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 

 


Акыркы жаңылоо: 09.03.2021, 14:45