Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасынын Глобалдуу баалоосу боюнча миссиясы аяктады

Басылмалардын датасы: 31.01.2020


Бүгүн, 2020-жылдын 31-январында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасынын экинчи Глобалдуу баалоосунун биринчи фазасы аяктады.

Анын жыйынтыктары боюнча 2020-жылдын март айынын аягына чейин Улутстсткомго эскертүүлөрдү, комментарийлерди, түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду берүү жана карап чыгуу үчүн сунуштары менен биринчи драфттык отчету берилет. 

Кыргыз Республикасында Эл жана турак жай фондун каттоо өткөрүлгөндөн жана Ыктыярдуу улуттук отчет аяктагандан кийин ушул көрсөтүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча Глобалдуу баалоо боюнча отчетту жеткире иштеп чыгуу үчүн Глобалдуу баалоонун экинчи фазасын өткөрүүнүн убакыты 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында өткөрүү алдын ала макулдашылды.

Мындан ары Глобалдуу баалоонун сунуштары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча тийиштүү  узак мөөнөттүү стратегиялык программаларды түзүү учурунда эске алынат.


Акыркы жаңылоо: 02.02.2020, 17:03