10 - февралда Улутстаткомдо пресс-конференция өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 09.02.2017


Эртең, 2017-жылдын 10-февралында, эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети төмөнкү темалар боюнча пресс-конференция өткөрөт:

  • 2017-жылдын январында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө;
  • 2016-жылы жана 2017-жылдын январында керектөө бааларынын жана тарифтердин өзгөрүүсү жөнүндө;
  • 2017-жылдын башталышына мал жана үй канаттууларын эсептөөнүн жыйынтыктары жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы негизги тенденциялар жөнүндө.

Чыгып сүйлөөчүлөр:

  • Сатыбекова Гулжан Бейшеновна – Улуттук эсептер жана экономикалык статистикасы башкармалыгынын башчысы;
  • Абдукадирова Малика Азимовна – Баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Мурсабекова Гульзейнеп Турдубековна – Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын башчысы;
  • Рахманова Жылдыз Жалиловна – Эмгек рыногу жана социалдык-демографиялык статистикасы башкармалыгынын социалдык статистикасы бөлүмүнүн башчысы.

Пресс-конференцияга катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 09.02.2017, 15:27