Ош облусу

Ош облусунун географиялык абалы

              Ош облусу республиканын түштүк бөлүгүндө жайгашкан жана батышынан Баткен облусу, түндүгүнөн – Жалал-Абад облусу, түндүк-чыгышынан – Нарын облусу, чыгышынан – Кытай Эл Республикасы, түштүгүнөн – Тажикстан Республикасы, түндүк-батышынан – Өзбекстан Республикасы менен чектешет.

Облустун жалпы аянты 29,0 миң кв.км же Кыргыз Республикасынын аймагынын 14,5 пайызын түзөт. Облустук борбор – Ош шаары - эң байыркы Орто Азия шаарларынын бири.

 

Администрациялык-аймактык түзүлүш

             Облустун курамына 7 район, 3 райондук маанидеги шаар (Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн) жана 88 айылдык аймак кирет.

Алай району – Гүлчө айылы(райондун борбору)

Араван району – Араван айылы (райондун борбору)

Кара-Кулжа району – Кара-Кулжа айылы (райондун борбору)

Чоң-Алай району – Дароот-Коргон айылы (райондун борбору)

Кара-Суу району – Кара-Суу шаары (райондун борбору)

Ноокат району – Ноокат шаары (райондун борбору)

Өзгөн району – Өзгөн шаары (райондун борбору)

 

Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү

Публикации Ошской области

 

Акыркы жаңылоо: 09.03.2023, 17:51