Кудайбергенов Бактыбек Жапарович


КУДАЙБЕРГЕНОВ БАКТЫБЕК ЖАПАРОВИЧ

1962-жылдын 8-декабрында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында туулган.

БИЛИМИ ЖОГОРУ:

1999ж. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети (юриспруденция багыты боюнча)

1982-1987 жж. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институту.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

1987 — 1988 жж. Иванов колхозунун Маданият үйүнүн директору;

1988 — 1989 жж. Иванов колхозунун профком клубунун башчысы;

1989 — 1991 жж. Ленин райком комсомолунун инструктору;

1991 — 1991 жж. Ленин райком комсомолунун экинчи катчысы;

1991 — 1992 жж. сапаттуулук менеджменти тутумун сертификациялоо Борборунун жалпы бөлүмүнүн башчысы;

 

1992 — 1995 жж. «Мээнет» Фирмасынын директорунун орун басары;

1995 — 1997жж. «Триод» Кыргыз-герман биргелешкен ишканасынын коммерциялык бөлүмүнүн башчысы;

1997 — 1998 жж. «Интер-97» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

1998 — 2002 жж. «Жетиген» Фирмасынын юрист-консультанты;

2002 — 2006 жж. адвокаттын жардамчысы, адвокат;

2006 — 2007 жж. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук Мамлекеттик Администрациясынын аппарат жетекчиси;

2007 — 2012 жж. «Ысык-Ата» санаторийинин директору;

2012 — 2015 жж. Чүй обусунун Ысык-Ата райондук Мамлекеттик Администрациясынын башчысы (акими);

2015 — 2017 жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

2019 — 2021 жж. Чүй облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын жетекчиси;

2021 — 2021жж. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу;

2021 – 2021 жж. КР Президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси;

2021-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы.

КЛАССТЫК ЧИН:

2022ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Ар кандай:

 «Чүй облусунун Ысык-Ата районунун бокс Федерациясы» коомдук уюмунун директору;

«Ай Тамга Солто» коомунун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын бильярд спорту Федерациясынын башчысы.

Акыркы жаңылоо: 16.01.2024, 11:21