Кыргыз Республикасынын расмий статистика жөнүндө мыйзамы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 8-июлу № 82

Расмий статистика жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам улуттук статистика тутумунун уюштурулушун жана иштөөсүн жөнгө салат, расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн укуктук негизди белгилейт.

2. Расмий статистика ушул Мыйзамдын алкагында:

1) өзүнө Кыргыз Республикасындагы экономикалык, демографиялык, социалдык жана экологиялык жапырт кубулуштарды репрезентативдик негизде мүнөздөгөн статистикалык маалыматтарды камтыйт;

2) ушул Мыйзамдын жоболоруна, расмий статистика жаатындагы БУУнун негиз болуучу принциптерине ылайык иштелип чыгат, жүргүзүлөт жана жайылтылат жана макулдашылган эл аралык статистикалык стандарттарды жана сунуштамаларды эске алат;

3) статистикалык программаларда расмий статистика деп аталат.

3. Ушул Мыйзамдын жоболору расмий статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн пайдаланылган расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн тескөөсүндөгү бардык маалыматтарга карата колдонулат.

2-берене. Кыргыз Республикасынын расмий статистика жөнүндө мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын расмий статистика жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана расмий статистика жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

3-берене. Расмий статистика жаатындагы укуктук мамилелердин субъекттери

Расмий статистика жаатындагы укуктук мамилелердин субъекттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - Улуттук статистика комитети);

2) башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр;

3) респонденттер;

4) расмий статистиканы пайдалануучулар;

5) административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр;

6) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши (мындан ары - Статистика боюнча кеңеш).

4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) административдик маалыматтар - ушул Мыйзамды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык милдеттерди жана иш-милдеттерди аткаруу максатында алар тарабынан чогултулуучу маалыматтар;

2) чыгаруу - маалыматтарды жайылтуу боюнча иш, ага ылайык кайра каралган статистиканы кошуп алганда, расмий статистика биринчи ирет жалпыга белгилүү болот;

3) идентификатор - статистикалык бирдиктердин аты/аталышы, так географиялык жайгашуусу же идентификациялык номери боюнча так идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү символдордун ырааттуулугу. Идентификатор түз идентификациялоону жүзөгө ашырууга мүмкүндүк түзөт, бул жеке статистикалык бирдикти бир белги же идентификаторлордун/белгилердин айкалышуусу боюнча идентификациялоону/бөлүүнү билдирет. Башка кандай гана болбосун ыкмалар менен жүзөгө ашырылуучу идентификациялоо кыйыр идентификацияга кирет;

4) жеке маалыматтар - расмий статистиканы иштеп чыгууда, жүргүзүүдө жана жайылтууда колдонулган статистикалык бирдиктер жөнүндө деталдаштырылган маалыматтар;

5) метамаалыматтар - маалымат булактары, маалыматтардын усулдары, аныктамалары, классификациялары жана сапаты тууралуу маалыматтарды берүү жолу менен статистикалык маалыматтарды жана статистикалык процесстерди стандартташтырылган түрдө чагылдырган маалыматтар жана башка документтер;

6) расмий статистиканы пайдалануучулар - кеңири коомчулук, жалпыга маалымдоо каражаттары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, изилдөөчүлөр жана окугандар, расмий статистиканы алуучу же ага жеткиликтүүлүгү бар эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн уюмдары;

7) административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр - административдик максаттарда чогулган маалыматтарды расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө берүүчү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

8) өндүрүш - расмий статистиканы түзүү максатында маалыматтарды топтоо, иштетүү, талдоо жана сактоо менен байланышкан иштин бардык түрлөрү;

9) иштеп чыгуу - расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу үчүн пайдаланылуучу статистикалык усулдарды, концепцияларды, стандарттарды жана жол-жоболорду түзүү, күчтөндүрүү жана өркүндөтүү боюнча иш;

10) жайылтуу - пайдалануучуларга расмий статистиканы, статистикалык талдоолорду, статистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана метамаалыматтарды алууга мүмкүндүк берген иш;

11) респонденттер - расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан маалыматтарды топтоонун алкагында өзү жана өз иши жөнүндө маалыматтарды берүүчү жеке, юридикалык жактар же үй чарбалары;

12) статистикалык бирдик - жеке, юридикалык жактар же үй чарбалары кирген изилдөөнүн базалык бирдиги;

13) статистикалык изилдөө - расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан статистикалык усулдукту тутумдуу түрдө пайдалануу жолу менен статистикалык максаттарда гана жүзөгө ашырылуучу, белгилүү топтогу респонденттерден жекече маалыматтарды баштапкы топтоо.

5-берене. Расмий статистиканын негиз болуучу принциптери

Расмий статистиканын бардык жүргүзүүчүлөрү расмий статистиканын төмөнкү негиз болуучу принциптерине ылайык расмий статистиканы иштеп чыгууну, жүргүзүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашырат:

1) кесиптик көз карандысыздык, бул расмий статистиканын жүргүзүүчүлөрү статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу, анын ичинде пайдаланылган маалымат булактарын, концепцияларды, аныктамаларды, усулдарды жана классификацияларды тандоо, ошондой эле жайылтуунун бардык формаларынын мөөнөттөрүн жана мазмунун аныктоо боюнча өз чечимдерин көз карандысыз жана саясий же жана башка тышкы булактардын кандайдыр бир таасирисиз жана кийлигишүүсүз кабып алуусун билдирет. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр өз компетенциясынын чегинде статистикалык маселелерге жана расмий статистика туура эмес пайдаланылган учурларга өз пикирин ачык-айкын билдире алат;

2) калыстык жана объективдүүлүк, бул расмий статистика кесиптик стандарттарга ылайык, бейтарап, ишенимдүү жана калыстык менен иштелип чыгат, жүргүзүлөт жана жайылтылат жана саясий билдирүүлөргө же түшүнүктөргө көз каранды болбой тургандыгын билдирет. Бардык пайдалануучуларга расмий статистиканы алууга тең жана бир убакытта жеткиликтүүлүк берилет;

3) тактык жана ишенимдүүлүк, бул расмий статистика максималдуу анык, так жана чыныгы маалыматтарды чагылдырат, ошондой эле булактарды, аны жүргүзүүнүн жана жайылтуунун усулдарын жана жол-жоболорун тандоого колдонулуучу илимий критерийлерге таянат дегенди билдирет;

4) макулдашуучулук жана салыштыруучулук, бул расмий статистика убакыт боюнча динамикада жана региондор жана өлкөлөр боюнча тилкеде эл аралык деңгээлде макулдашылган жана салыштырылган мүнөзгө ээ экендигин билдирет;

5) ачыктык жана айкындуулук, бул расмий статистика ачык жана түшүнүктүү түрдө берилет дегенди билдирет. Колдонулган усулдар жана жол-жоболор пайдалануучуларга ачык формада жеткирилет, бул туура чечмелөөнү камсыз кылат;

6) статистикалык купуялуулук жана статистикалык максаттарда гана пайдалануу, бул расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан жыйналган же алынган жана жеке жана юридикалык жактарга таандык жекече маалыматтардын өтө купуялуулугун, ошондой эле мындай маалыматтарды статистикалык максаттарда гана пайдаланууну билдирет;

7) релеванттуулук, бул расмий статистиканын пайдалануучулардын учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүнө ылайык келүүсүнүн, ошондой эле жарандардын жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды алууга болгон укуктарынын сакталышынын баскычын билдирет.

2-глава. Улуттук статистика тутумун уюштуруу

6-берене. Улуттук статистика тутуму

Кыргыз Республикасынын улуттук статистика тутуму (мындан ары - улуттук статистика тутуму) төмөнкү расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдөн турат:

1) Улуттук статистика комитети;

2) түзүмдүк бөлүмдөрдөн турган башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр:

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ал "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык расмий статистиканы иштеп чыгат, жүргүзөт жана жайылтат;

б) бир гана же негизинен расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу менен алектенген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

7-берене. Улуттук статистика комитети

1. Улуттук статистика комитети "улуттук" статуска ээ расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган, улуттук статистика тутумунда расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу боюнча ишти координациялоону камсыз кылуучу расмий статистиканын жетектөөчү жүргүзүүчүсү болуп саналат.

2. Улуттук статистика комитети кесипкөй көз карандысыз орган болуп саналат, ага ушул Мыйзамдын 5-беренесинин жоболоруна жана принциптерине карама-каршы келген милдеттер жүктөлбөйт жана ал Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.

3. Улуттук статистика комитети аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө ээ. Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн мекемелерди, ишканаларды жана уюмдарды түзө алат.

4. Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын, башка ченемдик-укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобонун негизинде иш алып барат.

8-берене. Улуттук статистика комитетинин төрагасы

1. Улуттук статистика комитетин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 7 жылдык мөөнөткө дайындалуучу төрага жетектейт.

2. Төрага улуттук статистика тутумунун кесиптик көз карандысыздыгын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт жана расмий статистика жаатындагы стратегиялык иштеп чыгууну жана кызыкдар тараптар менен өз ара кызматташууну жетектейт. Төрага улуттук статистика системасын эл аралык деңгээлде көрсөтөт.

3. Төрага расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн башка расмий статистика жүргүзүүчүлөрдүн макулдугу боюнча бүткүл улуттук статистика тутумунда колдонуу максатында стандарттарды, классификаторлорду жана колдонууга алынуучу принциптерди чыгара алат, ошондой эле административдик маалыматтардын жеткирип берүүчүлөрү тарабынан стандарттардын, классификациялардын жана терминологиянын пайдаланылышына көмөк көрсөтөт.

9-берене. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү

1. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү статистикалык программаларга ылайык расмий статистиканы иштеп чыгууну, жүргүзүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашырышат.

2. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнө расмий статистиканын негиз болуучу принциптерине карама-каршы келген милдеттер жүктөлбөйт.

3. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн тизмеги Улуттук статистика комитетинин төрагасы тарабынан иштелип чыгып, расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү менен макулдашуу боюнча сунуштамаларды берүү үчүн Статистика боюнча кеңешке жиберилет жана төмөнкү критерийлерди сактоо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизилет:

1) расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү ушул Мыйзамдын жоболорун жана расмий статистиканын негиз болуучу принциптерин сактоого өз жөндөмдүүлүктөрүн жана даярдыктарын көрсөтүшөт;

2) статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн ортосунда пландалган натыйжалардын жана иш-чаралардын кайталанышына жол берилбейт;

3) статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн пландалган натыйжалары жана иш-чаралары респонденттерге кошумча оорчулукту жокко чыгарат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тизмеги "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Статистика боюнча кеңешке берилет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалыматтык формада гана жөнөтүлөт.

3-глава. Статистика боюнча кеңеш жана башка консультативдик органдар

10-берене. Статистика боюнча кеңеш

1. Статистика боюнча кеңеш расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө стратегиялык мүнөздөгү сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча иш-милдетти жүзөгө ашыруучу консультативдик кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

2. Статистика боюнча кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

3. Статистика боюнча кеңештин курамы Улуттук статистика комитетинин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

Статистика боюнча кеңештин курамына ар түрдүү категориядагы пайдалануучулардын өкүлдөрү кирет. Мамлекеттик сектордун өкүлдөрү Статистика боюнча кеңештин көпчүлүгүн түзбөөгө тийиш.

4. Статистика боюнча кеңештин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) Улуттук статистика комитетине расмий статистиканы стратегиялык өнүктүрүү, ошондой эле статистикалык программаларга коомдун биринчи кезектеги маалыматтык керектөөлөрүн кошуу боюнча сунуштарды киргизүү;

2) статистикалык программалардын аткарылышын баалоо жана стратегиялык өнүгүү боюнча иштин аткарылышына мониторингди жүзөгө ашыруу;

3) расмий статистиканын принциптеринин сакталышын баалоо;

4) Статистика боюнча кеңештин иш регламентин кабыл алуу.

5. Статистика боюнча кеңеш жыл сайын өз иши жөнүндө ачык отчет берет.

6. Статистика боюнча кеңеш улуттук статистика тутумунун алкагында статистиканын айрым тармактарына, иштин багыттарына же түзүмдүк бөлүмдөрүнө карата статистикалык маалыматтардын сапатына жана алардын расмий статистиканын принциптерине ылайык келишине көз карандысыз тышкы баалоо жүргүзүүнү демилгелей алат.

11-берене. Башка консультативдик органдар

1. Расмий статистиканы стратегиялык жана усулдук жактан өнүктүрүү максатында Статистика боюнча кеңеш тарабынан башка консультативдик органдар түзүлүшү мүмкүн.

2. Улуттук статистика комитетинин төрагасы расмий статистикадагы стратегиялык жана координациялык ишти колдоодо улуттук статистика тутумуна таандык же таандык эмес мүчөлөр менен башка консультативдик органдарды түзө алат.

4-глава. Улуттук статистика тутумун координациялоо жана статистикалык программалар

12-берене. Улуттук статистика тутумун координациялоо

Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр бир түрдүү, эл аралык деңгээлде макулдашылган түшүнүктөрдү, аныктамаларды, классификаторлорду жана усулдарды пайдаланууга тийиш. Улуттук статистика комитети аларды улуттук статистика тутумунун алкагында колдонуу практикасын координациялоону жүзөгө ашырат.

13-берене. Статистикалык программалар

1. Мамлекетти жана коомду статистикалык маалыматтар менен камсыз кылуу максатында Улуттук статистика комитети башка расмий статистика жүргүзүүчүлөр, административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр, расмий статистиканы пайдалануучулар жана респонденттер менен кызматташтыкта статистикалык программаларды иштеп чыгат.

2. Статистикалык программалар Улуттук статистика комитети тарабынан сунуштамаларды берүү үчүн Статистика боюнча кеңешке жөнөтүлөт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана башка каржылоо булактарынын эсебинен аткарылат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына таандык статистикалык программалардын пункттары Статистика боюнча кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалыматтык формада гана берилет.

4. Орто мөөнөттүү жана ар жылдык программаларды кошуп алганда, статистикалык программалар улуттук статистика тутумундагы ишти натыйжалуу стратегиялык жана операциялык башкаруу жана координациялоо үчүн негизги шайман катары түзүлөт.

Ар жылдык статистикалык программаларга киргизилбеген статистикалык иш-чаралар кошумча каржылоо булактары болгондо аткарылат.

14-берене. Орто мөөнөттүү статистикалык программа

1. Орто мөөнөттүү статистикалык программа улуттук статистика тутуму үчүн иштелип чыгат жана пайдалануучулардын учурдагы жана келип чыгуучу керектөөлөрүн канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын расмий статистикасынын стратегиялык өнүгүүсүнүн багыттарын аныктайт.

2. Орто мөөнөттүү статистикалык программа улуттук статистика тутумунун өнүгүүсүнүн кийинки 5 жылга карата концепциясын жана артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле зарыл ресурстарды көрсөтүү менен күтүлүүчү натыйжаларды жана өнүгүү боюнча чараларды аныктайт.

15-берене. Ар жылдык статистикалык программа

1. Ар жылдык статистикалык программа Улуттук статистика комитети жана башка статистика жүргүзүүчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылуучу статистикалык ишти координациялайт.

2. Ар жылдык статистикалык программа төмөнкүлөр үчүн укуктук негизди карайт:

1) чыгарылуучу расмий статистиканы;

2) расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан аткарылуучу бардык статистикалык изилдөөлөрдү;

3) расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө административдик маалыматтар же башка маалымат булактары берилген бардык учурларды;

4) расмий статистика жаатындагы негизги иштеп чыгууларды;

5) иштеп жаткан статистикалык регистрлерди.

5-глава. Маалыматтарды топтоо

16-берене. Маалыматтарды топтоо боюнча ыйгарым укуктар

1. Эгерде улуттук статистика тутумунда маалыматтардын жетиштүү көлөмү жок болсо жана улуттук статистика тутумуна кирбеген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган колдонуудагы маалымат булактарынан маалыматтарды алууга мүмкүн болбосо, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр, кесиптик түшүнүктөргө негизденип, маалымат булактарын тандоого жана расмий статистиканы жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды респонденттерден түздөн-түз топтоону жүзөгө ашырууга укуктуу.

Расалык таандыктыгы, дин тутуу, саясий көз караштары жөнүндө маалыматтарды жана жарандардын жеке жашоосундагы жашыруун сырларды бузуучу маалыматтарды камтыган статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө алардын макулдугу менен гана жол берилет.

2. Маалыматтарды топтоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат:

1) расмий статистиканын сапат критерийлерин сактоону;

2) маалыматтарды топтоо жана иштетүү боюнча чыгымдарды;

3) респонденттерге келтирилген жүктөмдү.

3. Топтоонун усулдарына жана анын булактарына карабастан, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан чогулган маалыматтар ушул Мыйзамдын жоболоруна толугу менен ылайыкташтырылып иштелип чыгат, сакталат жана жайылтылат.

4. Маалыматтарды топтоонун кайталанышына жол бербөө жана расмий статистиканын сапатын жакшыртуу максатында расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр, ушул Мыйзамдын 21-27-беренелерине ылайык, улуттук статистика тутумундагы маалыматтарды жана метамаалыматтарды алмаштыра алышат.

17-берене. Респонденттер

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр респонденттерге статистикалык изилдөөлөрдүн максаттары жана укуктук негизи, ошондой эле маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

2. Ар жылдык статистикалык программада статистикалык изилдөөлөргө катышуу респонденттердин белгилүү тобу үчүн, ошондой эле бардыгына же айрым маселелерге карата ыктыярдуу деп жарыяланган учурларды кошпогондо, статистикалык изилдөөлөргө катышуу респонденттер үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

3. Статистикалык изилдөөлөрдүн алкагында билдирилүүчү маалыматтар анык болуп саналат жана Улуттук статистика комитети жана башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан бекитилген форматта белгиленген мөөнөттө акысыз негизде берилет.

4. Эгерде жооптор белгиленген мөөнөттөрдө алынбаса же маалыматтарда карама-каршылыктар же кемчиликтер аныкталган учурларда, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр респонденттер менен кийинки иштерди жүргүзүүгө укуктуу.

18-берене. Административдик маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк

1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө төмөнкүлөрдү акысыз берүүгө милдеттүү:

1) зарылчылык болгондо идентификатору бар жеке маалыматтарды кошуп алганда, расмий статистика жүргүзүү үчүн зарыл болгон деталдаштыруу деңгээлиндеги өздөрүнүн карамагында турган маалыматтарды;

2) маалыматтардын сапатын баалоого мүмкүндүк берген метамаалыматтарды.

2. Эгерде административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр маалыматтарды жаңыдан топтоону уюштурууну же маалыматтарды топтоонун же иштеп чыгуунун жол-жоболорун олуттуу кайра карап чыгууну пландаштырса жана бул расмий статистиканы жүргүзүү максатында берилген маалыматтардын сапатына жана көлөмүнө таасир этиши мүмкүн болсо, алар Улуттук статистика комитети жана зарыл болгондо, башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр менен алдын ала консультацияларды жүргүзүүгө тийиш.

3. Алынган маалыматтар расмий статистика жүргүзүүчүлөр тарабынан статистикалык максаттарда гана пайдаланылат.

19-берене. Каттоо

1. Каттоо калктын саны жана түзүмү, турак жай фонду, имараттар, курулмалар жана экономикалык бирдиктер жөнүндө айрым мүнөздөмөлөрдү камтыган маалыматтарды жалпы эсепке алуунун негизинде топтоону жана алууну камсыз кылуучу иш-чараны билдирет.

2. Ушул Мыйзам каттоо менен байланышкан бардык аракеттерге толугу менен жайылтылат. Каттоолордун маалыматтары статистикалык изилдөөлөрдүн же административдик маалыматтардын, башка булактардын негизинде же жогоруда белгиленген варианттардын айкалышуусу аркылуу алынышы мүмкүн. Каттоого катышуу бардык респонденттер үчүн милдеттүү болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын каттоо жаатындагы мыйзамдары ушул Мыйзамдын 5-беренесинде баяндалган расмий статистиканын принциптеринен негизделет.

20-берене. Статистикалык регистрлер

1. Статистикалык регистрлер - бул расмий статистиканы жүргүзүү үчүн зарыл болгон идентификаторлорду кошуп алганда, статистикалык бирдиктердин жана алардын мүнөздөмөлөрүнүн тизмектери.

2. Улуттук статистика комитети статистикалык регистрлерди статистикалык максаттарда гана пайдалануу үчүн түзөт жана жүргүзө алат.

6-глава. Статистикалык купуялуулук

21-берене. Статистикалык купуялуулук принциби колдонулуучу маалыматтар

1. Статистикалык купуялуулук принциби жайылтылган жеке маалыматтар жеке, юридикалык жактарды же үй чарбаларын түз же кыйыр идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды билдирет.

2. Статистикалык купуялуулук принциби төмөнкү маалыматтарга жайылтылат:

1) бир-үч бирдиктен турган топтолгон көрсөткүчтөргө, эгерде бирдиктердин бирөөнү кыйыр идентификациялоого мүмкүн болсо, мында бирдик жеке жана юридикалык жактарды же үй чарбасын билдирет. Өзгөчө учурларда, үчтөн көп бирдиктен турган топтолгон көрсөткүчтөргө, эгерде бул бирдиктердин бирөө кыйыр идентификациялана турган болсо, ал Улуттук статистика комитетинин төрагасы тарабынан купуя деп жарыяланышы мүмкүн;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын же банк ишин коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жашыруун сыр же банктык сыр деп жарыяланган маалыматтарга.

3. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү статистика, эгерде ал мамлекеттик жашыруун сырга же банктык сырга кирбеген учурларда гана статистикалык купуялуулук принциби менен коргоого жатпайт.

22-берене. Статистикалык максаттарда гана пайдалануу

1. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу иштердин бардык түрлөрүн кошуп алганда, расмий статистиканы, статистикалык талдоону жана статистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн арналган маалыматтар статистикалык максаттарда гана пайдаланылууга тийиш.

2. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн карамагында болгон жеке маалыматтар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же эл аралык уюмдар тарабынан териштирүү, көзөмөлгө алуу, соттук тергөө максаттарына, административдик чечимдерди кабыл алууга же жеке, юридикалык жактарга же үй чарбаларына тиешелүү башка ушул сыяктуу максаттарга берилбейт жана пайдаланылбайт.

23-берене. Маалыматтарды коопсуз иштеп чыгуу жана сактоо

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүнүн ар бири төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга;

2) топтолгон купуя көрсөткүчтөрдү жана статистикалык маалыматтарды алар чыгарылганга чейин коргоону камсыз кылууга;

3) ыйгарым укугу жок тарптардын маалыматтарга карата жеткиликтүүлүгүнүн алдын алуу боюнча жөнгө салуучу, административдик, техникалык жана уюштуруучулук чараларды көрүүгө.

2. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр статистикалык максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон мезгил ичинде идентификаторлору бар жеке маалыматтарды иштеп чыгат жана сактай алат.

Маалыматтарды топтоонун кагаз жана электрондук формаларында пайдаланылуучу жана расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө берилген административдик маалыматтарды камтыган идентификаторлор аларды статистикалык максаттарда пайдалануу зарылчылыгы жок болгон учурдан тартып, административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр менен макулдашуу боюнча жок кылынат.

24-берене. Улуттук статистика тутумунун жеке маалыматтарына карата жеткиликтүүлүк

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр ушул берененин 2-бөлүгүндө жана ушул Мыйзамдын 25-беренесинде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, пайдалануучуларга жеке маалыматтарды бербөөгө тийиш.

2. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр эгерде маалыматтар жеке, юридикалык жактарды же үй чарбаларын түз да, кыйыр да идентификациялоого мүмкүндүк бербеген ыкма менен иштелип чыккан учурларда, жекече маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү топтомун жүргүзөт жана чыгара алат.

3. Улуттук статистика комитети идентификаторлорду кошуп алганда, башка статистиканы жүргүзүүчүлөрдөн жеке маалыматтарды алууга укуктуу. Маалыматтарды өткөрүп берүүнүн шарттары кол коюлган макулдашуу түрүндөгү документ менен жол-жоболоштурулат.

4. Башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр ар жылдык статистикалык программада аныкталган өз компетенциясынын алкагында Улуттук статистика комитетинен расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу үчүн гана төмөнкүдөй жеке маалыматтарды ала алышат:

1) жеке же юридикалык жактарды идентификациялоого мүмкүндүк берген идентификаторлору жок жеке маалыматтарды;

2) ар жылдык статистикалык программада көрсөтүлгөн статистикалык регистрлердеги идентификаторлору бар статистикалык бирдиктерди.

5. Улуттук статистика комитетинин төрагасы өзгөчөлүк иретинде башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө расмий статистика жүргүзүү жана жайылтуу үчүн алардын ар жылдык статистикалык программада көрсөтүлгөн компетенциясына туура келүүчү, идентификаторлору бар жеке маалыматтарды алууга мүмкүндүк бере алат.

6. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү ушул Мыйзамдын 22-23-беренелеринин талаптарын катуу сактоо менен, купуя маалыматтарды коргоо боюнча жөнгө салуучу, административдик, техникалык жана уюштуруучулук чараларды көрүү жөндөмдүүлүктөрүн жана даярдыктарын көрсөтүүгө милдеттүү.

7. Маалыматтарды өткөрүп берүүнүн шарттары кол коюлган макулдашуу түрүндө документ менен жол-жоболоштурулат. Маалыматтарды өткөрүп берүүнүн тизмеги расмий суроо-талапка ылайык жарыяланат.

25-берене. Изилдөө максаттарында жеке маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк

1. Расмий статистика жүргүзүүчүлөр расмий суроо-талаптарга ылайык көз карандысыз изилдөө иштерин жүргүзүү максатында өздөрүнүн жеке маалыматтарына жеткиликтүүлүк берүүгө укуктуу.

2. Изилдөө максаттарында берилүүчү маалыматтар идентификаторлорду камтыбоого тийиш жана изилдөө максаттары үчүн зарыл маалыматтар менен чектелет.

3. Статистикалык купуялуулук принциби менен корголгон жекече маалыматтарга жеткиликтүүлүккө уруксат алганга чейин Улуттук статистика комитетинин төрагасы же башка жүргүзүүчүлөр маалыматтарды алуучу тараптын ушул Мыйзамга ылайык купуя маалыматтарды коргоо үчүн зарыл техникалык инфратүзүмү жана уюштуруучулук алкактары бар экенине ынанууга тийиш.

4. Уруксат берилген учурда, изилдөөчүлүк долбоордун алкагында маалыматтар менен ишти жүзөгө ашыра турган бардык адамдар келишимге кол коюшат, ага ылайык төмөнкүлөргө милдеттенишет:

1) жеке, юридикалык жактарды же үй чарбаларын идентификациялоону ар кандай жол менен, анын ичинде маалыматтарды башка жекече маалыматтар менен салыштыруу аркылуу идентификациялоо жүргүзүүгө аракет кылбоого;

2) ыйгарым укугу жок жактарга жеке маалыматтарды ачыкка чыгарбоого же маалыматтарды суроо-талапта көрсөтүлгөн максаттардан айырмаланган максаттар үчүн пайдаланбоого;

3) бирдиктерди кыйыр идентификациялоого мүмкүндүк берген жеке маалыматтардын негизинде эсептелген эч кандай топтошкон көрсөткүчтөрдү ачыкка чыгарбоого;

4) бардык жарыяланган материалдардын булагын көрсөтүүгө;

5) изилдөөчүлүк долбоордун аяктоосу менен жеке маалыматтарды жок кылууга.

5. Изилдөө иштерине маалыматтарды даярдоо үчүн баа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий статистика жүргүзүүчүлөр тарабынан белгиленет.

6. Изилдөө максатында пайдаланылуучу купуя маалыматтардын тизмеги расмий суроо-талапка ылайык берилет.

26-берене. Купуялуулукту сактоо боюнча милдеттенме

1. Расмий статистика жаатындагы тиешелүү иш-милдеттерди өзүнө кабыл алууда же келишимдик мамилелерге кирүүдө төмөнкүлөр купуялуулукту сактоо боюнча милдеттенмеге кол коюшат:

1) Улуттук статистика комитетинин бардык штаттык жана убактылуу кызматкерлери, ошондой эле расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү;

2) улуттук статистика тутумуна тиешелүү эмес, бирок каттоо жана изилдөө иштерине катышкандар;

3) статистикалык купуялуулук принциби менен корголгон маалыматтарга жеткиликтүүлүккө уруксаты бар кандай гана болбосун башка адамдар.

2. Ушул милдеттенме ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган адамдарга карата, алардын иш-милдеттери токтотулгандан кийин да күчүндө кала берет.

27-берене. Үчүнчү жактар менен келишимдик мамилелер

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр толук статистикалык купуялуулукту камсыз кылган шартта жана мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик социалдык тапшырык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык гана үчүнчү жактар менен келишимдик мамилелерге кире алышат.

2. Келишимде белгиленген үчүнчү жактар үчүн шарттар үчүнчү жактардын жеткиликтүүлүк алууга мүмкүнчүлүгү бар бардык купуя маалыматтардын ачыкка чыгуусунан коргоого, статистикалык максаттарда жана келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде гана пайдаланыларына, ошондой эле келишимдин иши токтогон учурдан тартып жок кылынарына кепилдик берүүгө тийиш.

7-глава. Расмий статистиканын сапаты, аны жайылтуу жана статистикалык кызмат көрсөтүүлөр

28-берене. Расмий статистиканын сапатын камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр расмий статистиканын релеванттуулугу, тактыгы, ишенимдүүлүгү, өз убагында берилиши, пунктуалдуулугу, айкындуулугу, ачыктыгы, салыштырмалуулугу жана шайкештиги боюнча сапатын туруктуу негизде баалайт жана жакшыртат.

2. Сапатка кепилдик берүү максатында расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу расмий статистиканын камтуусуна, концепцияларына, аныктамаларына, бирдиктерине жана классификацияларына таандык бирдиктүү стандарттардын жана макулдашылган усулдардын негизинде жүзөгө ашырылат. Бул расмий статистиканын негиз болуучу принциптерине жана макулдашылган эл аралык статистикалык стандарттарга жана сунуштамаларга ылайык жүргүзүлөт.

3. Расмий статистиканын сапатын жакшыртуу максатында расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр маалыматтарды редакциялоого жана текшерүүгө, ар түрдүү булактардагы маалыматтарды айкалыштырууга, жеке маалыматтарды байланыштырууну жана салыштырууну статистикалык максаттарда гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле кемчиликтерди жоюу үчүн баалоонун статистикалык усулдарын пайдаланууга укуктуу.

4. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өндүрүштүк процессте пайдаланылуучу булактарды жана усулдарды, ошондой эле статистикалык маалыматтардын жыйынтыктоочу топтомдорун стандарттык түрдө документтештирүүгө;

2) пайдалануучуларга статистикалык өндүрүштүн бардык булактары жана усулдары, ошондой эле метамаалыматтарды пайдалануу аркылуу расмий статистикалык маалыматтардын сапаты жөнүндө билдирүүгө.

29-берене. Расмий статистиканын сапатын баалоо

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр кайра байланышты жакшыртуу максатында респонденттер менен активдүү өз ара аракеттенүүнү үзгүлтүксүз негизде камсыз кылат жана пайдалануучулар менен маалыматтардын сапаты тууралуу маселелер боюнча консультацияларды жүргүзөт.

2. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр статистикалык методологияны баалоо жана жакшыртуу максатында илимий коомчулук менен кызматташат жана расмий статистиканы пайдалануу менен аналитикалык иштерди жүргүзүүнү кубаттоого алат.

30-берене. Статистикалык маалыматтарды чыгаруу

1. Расмий статистика пайдалануучулардын бирдей жана бир убакытта жеткиликтүүлүгүнүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 5-беренесинде баяндалган принциптердин негизинде жайылтылат.

2. Ар бир расмий статистиканы жүргүзүүчү маалыматтарды чыгаруунун календарын алдын ала иштеп чыгат жана жарыялайт, анда расмий статистикалык маалыматтарды жарыялап чыгаруунун пландалган мөөнөттөрү көрсөтүлөт.

Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр пайдалануучуларга маалыматтарды чыгаруунун болжолдуу календарында каралган мөөнөттөн четтөөлөр тууралуу алдын ала маалымдоого жана аларды чыгаруунун жаңы датасын көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Расмий статистиканын маалыматтарын жарыялоолор метамаалыматтар жана түшүндүрмө баяндамалар менен коштолот, аларга жеткиликтүүлүк бардык пайдалануучуларга акысыз негизде берилет. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча чыгарылган басылмаларга жана башка материалдарга болгон бааны белгилешет.

4. Статистикалык маалыматтарды чыгаруу процессинде расмий статистика менен башка статистикалык маалыматтардын ортосуна так чек коюлат.

5. Расмий статистиканын жарыяланган материалдарында табылган каталар оңдоолорго жатат жана алар кыска мөөнөттүн ичинде пайдалануучуларга жеткирилет.

6. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү.

31-берене. Жайылтуу саясаты

1. Улуттук статистика комитети башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр менен өз ара аракетте төмөнкүлөрдү аныктайт:

1) бүткүл улуттук статистика тутумунун масштабында колдонуу үчүн ачык-айрым жол-жоболорду пайдалануу менен расмий статистиканы координациялап жайылтуу саясатын;

2) бүткүл расмий статистиканы жайылтуу үчүн бирдиктүү терминологияны пайдаланууну.

2. Кийин кайра каралууга жаткан статистикалык маалыматтарды алдын ала чыгаруулар шарттуу же убактылуу деп белгиленет.

3. Усулдуктардагы өзгөрүүлөр менен шартталган айрым кайра кароолор тууралуу коомчулукка ачык жана алдын ала кабарландырылат.

32-берене. Статистикалык иштеп чыгуу кызматтарын көрсөтүү

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тапшырыкчылардын суроо-талабы боюнча өз карамагындагы маалыматтарды пайдалануу менен статистикалык иштеп чыгуу кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.

Статистикалык иштеп чыгуу кызмат көрсөтүүлөрү расмий статистиканы жүргүзүү жана сапаты, ошондой эле анын бедели үчүн коркунуч туудурбашы керек.

2. Статистикалык иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык тапшырыкчылар тартышат.

3. Коомчулукка үзгүлтүксүз негизде көрсөтүлгөн статистикалык иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымдалат. Акы алынбай көрсөтүлүүчү бардык статистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктары, алардын метамаалыматтары жалпыга жеткиликтүү мүнөзгө ээ.

4. Статистикалык иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалары расмий статистика катары каралбайт.

5. Статистикалык иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ушул Мыйзамдын 21-29-беренелеринин колдонулушу жайылтылат.

33-берене. Маалыматтарды топтоо боюнча кызматтарды көрсөтүү

1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр расмий статистиканы жүргүзүү жана сапаты, ошондой эле анын бедели үчүн коркунуч болбогон учурда, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын суроо-талабы боюнча кошумча маалыматтарды топтоого макулдук бере алышат.

2. Маалыматтарды топтоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл аралык уюмдар тартышат.

3. Маалыматтарды топтоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан иштердин бардык түрлөрүнүн тизмеги ар жылдык статистикалык программанын аткарылышы жөнүндө отчетто берилет.

4. Маалыматтарды топтоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалары расмий статистика катары каралбайт.

5. Ушул беренеге ылайык, маалыматтарды топтоо боюнча кызматтарды көрсөтүү максатында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн суроолоруна жооп берүү респонденттер үчүн милдеттүү деп жарыяланбайт.

6. Маалыматтарды топтоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ушул Мыйзамдын 21-29-беренелеринин колдонулушу жайылтылат.

34-берене. Улуттук статистика комитетинин эл аралык мамилелери

1. Улуттук статистика комитети чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары жана алардын статистика маселелери менен алектенген эл аралык уюмдары менен эл аралык мамилелерди түзүүгө жана колдоого алууга, ошондой эле алар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүүгө укуктуу.

2. Улуттук статистика комитети жана башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр өзүнө тиешелүү компетенциясынын чегинде статистикалык стандарттарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча эл аралык иштерге активдүү катышышат.

3. Улуттук статистика комитети өз компетенциясынын алкагында эл аралык уюмдарга жана башка өлкөлөрдүн уюмдарына эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык расмий статистиканын маалыматтарын берүү маселеси боюнча мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүн координациялоо боюнча ишти жүзөгө ашырат.

35-берене. Кыргыз Республикасынын расмий статистика жөнүндө мыйзамдарын бузганы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамда камтылган ченемдерди бузуу Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына, жоруктар жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет.

36-берене. Маалыматтарды берүү боюнча милдеттерди аткарбоо

Маалыматтарды берүүгө милдеттүү, бирок, алынган эскертмеге карабастан, маалыматтарды атайылап бербеген же атайылап бурмаланган маалыматтарды берген ар бир респондент Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пулга кириптер болушу мүмкүн.

37-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Улуттук статистика комитети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө, жеке ишкерлер жана дыйкан (фермердик) чарбалар тууралуу статистикалык регистрдин маалыматтарын Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын карамагына өткөрүп берүү боюнча чаралардын комплексин киргизсин;

2) ушул Мыйзамдын колдонулушун түшүндүрүү боюнча уюштуруучулук-методологиялык иштерди жүргүзсүн;

3) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу 2025-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө Улуттук статистика комитетинин юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр), жеке ишкерлер жана дыйкан (фермердик) чарбалар жөнүндө төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды берүүсүнө жайылтылбай тургандыгы белгиленсин:

1) жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо) же юридикалык жактын толук, кыскартылган (бар болгон учурда) аталышы;

2) ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык коду (ИУЖК);

3) юридикалык дареги (жайгашкан жери);

4) телефон жана факс номерлери, электрондук дареги.

5. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 237-ст.);

2) "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы № 85 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 216-ст.);

3) "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы № 27 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 2, 120-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 531-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын 9-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 977-ст.);

6) "Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамынын 13-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 488-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков

 

 

 

2019-жылдын 29-майында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

Акыркы жаңылоо: 20.08.2021, 14:43