«Кыргызстан» кыскача статистикалык маалымдамасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 30.04.2024


      Кыскача статистикалык маалымдамада Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө маалымат берилди.

          Маалымдамада мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, калк, саламаттыкты сактоо, укук бузуулар, турак жай шарттары жана үй чарбаларынын керектөө чыгымдары жөнүндө маалыматтар камтылды. Калкты иш менен камсыз кылуу, социалдык камсыздоо, билим берүү, маданият жана туризм жөнүндө маалыматтар келтирилди.

          Өзүнчө бөлүмдө улуттук экономиканын, мамлекеттик бюджеттин жана тышкы сооданын абалы, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрү менен экспорттук-импорттук операциялар жөнүндө маалымат берилди. Басылма таблицалар бир катар графиктер жана диаграммалар менен толукталды.

2023-жылдагы маалыматтар бир катар учурларда алдын ала болуп саналат.

Кененирээк маалымат алуу үчүн “Басылмалар” бөлүмүн караңыз.

_____________________________

Жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмү;

|e-mail:chturdubaeva@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  625662


Акыркы жаңылоо: 03.05.2024, 21:49