Цифралар жана фактылар: Кыргызстанда китеп күнү

Publications: 22.04.2019


23-апрель күнүн жыл сайын Дүйнөлүк китеп күнү деп жарыялоо жөнүндө  ЮНЕСКОнун Башкы Конференциясынын  Резолюциясын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын апрелиндеги №189 токтому менен Кыргызстанда китеп күнү белгиленген.

Республикада 2018-жылы 1,5 миң нускага жакын китептер жана брошюралар басылып чыккан. Алардын ичинен жарымынан көбү кыргыз тилинде чыккан. Китептердин жана брошюралардын жылдык жүгүртүүсү 1,8 миллион нусканы түздү. 1000 адамга басылып чыккан китептердин саны 288 нусканы түздү.

Кыргыз Республикасында ар түрдүү типтеги жана ар кандай кесип боюнча китепканалардын кеңири жайылган тарамы бар. Коомдук (жалпы) китепканалардан тышкары, мектеп китепканалары, жогорку жана орто билим берүү мекемелеринин китепканалары, медициналык, техникалык, айыл чарба, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу китепканалар иш жүргүзөт.

Акыркы беш жылдын ичинде республикада жалпы китепканалардын санында олуттуу өзгөрүүлөр жүрдү жана 2018-жылы 1 миңге жакын китепкананы түзөт.  2018-жылы Республиканын китепкана фонду 19 млн. ашык китептерди жана брошюраларды түзгөн.

2018-жылы китепканалардын пайдалануучуларынын саны (мектептердикин эсепке албаганда) 1,5 млн. жакын адамды түзгөн.

 

___________________________________________________________________________

Социалдык                  e-mail: j.rahmanova@stat.kg             тел.+996(312)324652

статистика бөлүмү      e-mail: social-nsc@mail.ru               тел.+996(312) 664042

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 23.04.2019, 09:25