2019-жылы республиканын экономикасынын ишканаларынын ишмердиги негизинен оң динамика менен мүнөздөлдү

Publications: 14.09.2020


2019-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасында финансылык-чарбалык ишмердиктерди 21,5 миң ишкана (уюм) жүргүздү. Экономика ишканаларынын негизги саны - 20,9 миң ишканалар (экономика ишканаларынын жалпы санынын деээрлик 97 пайызы) реалдуу (финансылык эмес) секторуна, 667 уюмдар (3,1 пайызы) - экономиканын финансылык секторуна туура келди. Тармактар бөлүнүшүндөгү экономика ишканаларынын жалпы санынын 26,3 пайызы соода чөйрөсүнө, 14,5 пайызы - өнөр-жай тармагына, 11,4 пайызы - курулуш тармагына, 10,8 пайызы - кесиптик, илимий жана техникалык ишмердигин жүргүзүүчү уюмдарга туура келген.  

2019-жылда экономика ишканаларынын ишмердиги  иштеп жаткан ишканалардын санын өсүшү, дүң кирешенин көлөмүнүн өсүшү менен материалдык базаны бекемдөө, рентабелдүү ишканалардын санын өсүшү, ошондой эле жылдын жыйынтыктары боюнча оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайда) алуу менен мүнөздөлгөн. Муну менен бирге, операциялык эмес ишмердиктен чыгымдар алынды, кампалардагы товардык-материалдык баалуулуктардын запастарынын, дебитордук жана кредитордук карыздардын өсүшү, ошондой эле банктардын кредиттери жана зайымдар боюнча карыздардын өсүшү байкалды.

Экономика ишканаларынын продукциясын (товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн кирешелердин көлөмү 2019-ж. 507,5 млрд. сомду түздү. Алардын негизги үлүшү - жалпы көлөмдүн 91,5 пайызы - экономиканын реалдуу сектордун ишканалары, ал эми 8,5 пайызы - финансылык сектордун уюдары тарабынан түзүлгөн. 

2019ылы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ишканаларынын кирешелери

           (экономика ишканаларынын кирешелеринин  жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

 

Кирешенин негизги көлөмү иштетүү өнөр жай ишканалары, курулуш уюмдары, электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу (жабдуу), финансылык ортомчулук уюмдары, соода чөйрөсү, байланыш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо ишканалары, ошондой эле пайдалуу кенди казуу боюнча ишканалары тарабынан түзүлгөн. 

2019-жылдын жыйынтыктары боюнча экономика ишканалары тарабынан оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайдадан чыгым кемитилет) 56,5 млрд. сом өлчөмүндө пайда алынды, бул мурунку жылга караганда 1,6 эсеге көп. Рентабелдүү ишканалардын салыштырмалуу салмагы 35,1 пайыз деңгээлинде аныкталды, ал эми чыгашанын үлүшү  иштеп жаткан ишканалардын жалпы санынын 21,7 пайызын түздү.

2019-жылы оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтыктар, Талас, Баткен жана Нарын облусунан башка, бардык региондор тарабынан алынды.

2019-жылы аймактар боюнча экономиканын ишканаларынын сальдолоштурулган финансылык жыйынтыгы

(млрд. сом)

__________________________

*Электр энергетика, мунайзат продуктуларын жөнөтүү жана газды бөлүштүрүү боюнча ишмердиги, почта ишмердиги жана иштетүүчү өнөр жай чөйрөлөрүндө ишмердик жүргүзүүчү республикалык маанидеги ишканалар, ошондой эле банктар.

 

 

______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 15.09.2020, 08:56