-

Publications: 23.04.2024


2024-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн колдоосу менен “Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө карата адаптациялык чараларды орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн улуттук адаптациялык планды иштеп чыгуу процессин илгерилетүү” долбоорунун алкагында “Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүүсү статистикасын өнүктүрүү” аттуу тегерек стол өткөрдү. 

“Cтатистика натыйжалуу стратегияларды түзүүгө, аларды азайтуу жана адаптациялоо боюнча чараларды көрүүгө жардам берүү менен климаттын өзгөрүшүнүн таасирин түшүнүүдө башкы ролду ойнойт”, - деп белгиледи Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов. Ал белгилеп өткөндөй, Улутстатком 2023-жылы БУУӨПтүн колдоосу менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн климаттын өзгөрүүсү жаатында потенциалды жогорулатуу боюнча бир катар окутуучу семинарларды өткөрдү, көрсөткүчтөрдүн улуттук топтомунун долбоору, ошондой эле климаттын өзгөрүүсү статистикасын өнүктүрүү боюнча Жол картанын долбоору иштелип чыкты.

Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева туруктуу өнүгүүнүн максаттары, Париж макулдашуусу, Сендай алкактык программасы ж.б. сыяктуу өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн негизги улуттук стратегияларын жана программаларын эске алуу менен климаттын өзгөрүшү жаатындагы көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу муктаждыгы жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүштү.

Ал эми БУУӨПтүн долбоордук менеджери Жылдыз Узакбаева Кыргыз Республикасындагы Улуттук адаптациялык пландын долбоорун ишке ашыруу жөнүндө баяндама жасады.   

Эл аралык эксперттер тарабынан төмөнкү төрт сектор боюнча климаттын өзгөрүшү менен байланышкан улуттук көрсөткүчтөрдүн топтомунун долбоору сунушталды: айыл чарбасы жана ирригация, кооптуу кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, биотүрдүүлүктү жана токойлорду сактоо, саламаттыкты сактоо.

Мындан сырткары, тегерек столдун катышуучуларына Улутстаткомдун климаттын өзгөрүүсүнүн көрсөткүчтөрү боюнча алгачкы басылмаларынын долбоору тааныштырылды.

Тегерек столго кызыкдар мамлекеттик органдардын, анын ичинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ошондой эле өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.  

_____________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы |e-mail: tmambetaliev@stat.kg; тел. + 996 (312) 324655

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана  тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө  милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).

 

 

 

 


Last updating: 24.04.2024, 09:39