Николай Чуйков Улутстаткомдун Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Publications: 28.05.2018


 Бүгүн, 2018-жылдын 28-майында, Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова Улутстаткомдун эмгек жамаатына Төраганын биринчи орун басары Николай Чуйковду тааныштырды.

Нурсулу Ахметова, ошондой эле, Улутстакомдун Төрагасынын орун басары Азамат Оросбаевди эмгек жамаатка тааныштырып, мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдөгү Улутстаткомдун маанилүү ролун белгиледи.

Орун басарлардын дайындалуусу менен куттуктап, Улутстаткомдун Төрагасы Акылбек Султанов, алардын ишинде жана жеке турмушунда ийгиликтерди каалады.


Last updating: 28.05.2018, 11:29