Улутстаткомдун имаратынын сырткы фасады жаңыртылды

Publications: 08.06.2022


1967-жылы курулган Улутстаткомдун учурдагы имаратын жаңыртуу боюнча иштер аяктады. 

Имараттын сырткы фасадын жаңылоо иштери ишке берилген учурдан тартып биринчи жолу жүргүзүлдү.

Чыгымдар БУУнун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу жаатындагы Фондунун (ЮНФПА) каражаттарынын эсебинен камсыз кылынды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев фасадды жаңыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен таанышты.

             

             

            

            

 

 

 


Last updating: 08.06.2022, 15:26