Эл жана турак-жай фондун каттоо 2022: жетинчи күн

Publications: 31.03.2022


Өлкөбүздө эл каттоо өнөктүгү активдүү уланууда. Анын натыйжасында, каттоого алынган респонденттердин катары өсүп жатат.

Каттоо өнөктүгү борбор калаабыз Бишкекте да жигердүү жүрүп жатат, азыркы тапта 60тан ашык инструктор-текшерүүчүлөр жана координаторлор иш алып бара турган  бөлүмдөр кызмат кылышууда.

Эл каттоо калктын социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп саналат. Мында калктын билим деңгээли, нике-үй-бүлөлүк түзүмү  жана  өлкөнүн этнолингвистикалык курамы жөнүндө маалымат бир гана жалпы эл каттоонун натыйжасында алынат.

            

        


Last updating: 31.03.2022, 17:37