2022-жылдын III кварталындагы “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” даярдалды

Publications: 06.12.2022


Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2022-жылдын III кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына карата азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2022-жылдын январь-июнундагы 5 016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылма» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

 

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө
статистикасы башкармалыгы                                                               e-mail: NKerimalieva@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  324691                                                                                    

 Үй чарба статистикасы бөлүмү                                                             e-mail:ahakimova@stat.kg; |   тел. + 996 (312) 324655

 

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тийиштүү метамаалыматтарды пайдаланган учурда пайдалануучулар алардын булагына таянууга милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).

 

.

 

 

 


Last updating: 06.12.2022, 17:14