Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов: “Туу – мекенчилдиктин, улуттук абийирдүүлүктүн жана биримдиктин символу!”

Publications: 03.03.2022


Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен Улуттук статистика комитетинин эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Мамлекеттик туу эгемендиктин гана белгиси болбостон, биздин элдин рухун жана кулк-мүнөзүн айгинелеп турат. Мамлекеттик туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку кеңеши тарабынан 1992-жылдын 3-мартында бекитилген. Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы туусу 1992-жылдын 5-мартында көтөрүлгөн. Быйыл мамлекеттик туунун кабыл алынышынын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Туубуз – биздин тарыхыбыздын, ата-бабаларыбыздын көрсөткөн эрдигинин, бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошуп, мекенин коргоп жаткандардын белгиси.

 Урматтуу кыргызстандыктар! Ар бириңиздерге бекем ден соолук, тынчтык жана бейпил турмуш каалайм!

Урматтоом менен,

Б. Ж. Кудайбергенов


Last updating: 03.03.2022, 09:22