Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Женевада өткөрүлгөн Европалык статистиктердин конференциясынын 70-юбилейлик пленардык сессиясына катышты

Publications: 27.06.2022


2022-жылдын 20-июнунан 22-июнь аралыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Женева шаарында (Швейцария) өткөрүлгөн европалык статистиктердин Конференциясынын 70-юбилейлик пленардык сессиясына катышты.

Аталган иш-чара биринчи кезекте Европа Бирлигинин, чыгыш Европа, Кавказ жана Орто Азия өлкөлөрүнүн статистикалык мекемелеринин жетекчилери жана эл аралык статистикалык мекемелер үчүн улуттук статистикалык тутумдарын жакшыртуу тармагында жана анын эл аралык деңгээлге ылайыкташтыруу, ошол эле мезгилде статистиканы жакшыртуу боюнча маанилүү маселелерди талкулоо, тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп жатат. Бул отурум ошондой эле расмий статистика жаатындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана улуттук статистикалык мекемелердин расмий статистиканын глобалдуу өнүгүүсүндөгү салымы жөнүндө кабардар болууга чакырат.

Европалык статистиктердин Конференциясынын 70-чи пленардык сессиясынын алкагында Расмий статистиканын негиз болуучу принциптеринин кабыл алынышынын 30 жылдыгына байланыштуу маселелер талкууга алынды.  Аталган принциптерди кароодо, пленардык сессиясынын катышуучулары улуттук статистикалык мекемелери тарабынан дээрлик көп жылдар бою өлкөлөрдөн алынган практикага басым жасоо ыкмасы менен жогоруда айтылган Принциптерди жүзөөгө ашыруудагы жетишкендиктерине кыскача токтолушту.

Европалык  статистиктердин Конференциясынын пленардык сессиясынын жүрүшүндө жети документ каралды. Негизинен алар расмий статистикасынын баалуулуктарын ченөөгө байланыштуу, балдар жөнүндө, жумуш менен камсыз кылуу  формалары жөнүндө статистиканы эсепке алуу, миграция жана чет мамлекеттик ыкчамдуулукту ченөө, аялдарга жана эркектерге Covid-19 пандемиясынын таасирин жана ишмердүүлүктөрдүн бардык түрлөрүн классификациялоону ченөө үчүн жаңы маалымат булактарын пайдалануу.

Иш-сапардын жүрүшүндө Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов БУУнун статистикалык департаментинин директору Стефан Швайнфест жана БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясынын статистикалык департаментинин директору Лидия Братанова менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуу учурунда Улутстакомдун учурда жүргүзүп жаткан иштери, кызматташуунун жетишкен натыйжалары жана алдыдагы өнөктөштүктү бекемдөө алкагында республиканын улуттук статистика тутумун модернизациялоо жана реформалоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

           

           

           


Last updating: 27.06.2022, 15:44