Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Publications: 28.04.2019


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  28-апрелде, мамлекеттик статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин басмасөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти:

 «Урматтуу мамлекеттик статистика кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын статистика кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Коомчулук жана бардык өлкөлөрдүн Өкмөттөрү үчүн статистиканын ролу өсүүдө. Ал улуттук, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү өлчөөнүн куралы катары кызмат кылат. Статистикалык маалыматтар экономикалык жана саясий чечимдерди кабыл алууда колдонулат.

Санариптик экономикага өтүү шартында Кыргызстандын статистика кызматкерлерине чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө. Мамлекеттик статистика системасын, статистикалык жана административдик баштапкы маалыматтарды санариптик трансформациялоо, санариптик инфраструктураны жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарында санариптик платформаларды өнүктүрүү — бул бүгүнкү күндүн эң негизги милдеттери.

Сиздердин алдыңыздарда 2020-жылы Кыргыз Республикасында калкты жана турак-жай фондун Каттоону уюштуруу жана мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча маанилүү милдет турат. Каттоонун жыйынтыгы өндүрүшчүлөр сыяктуу эле статистикалык маалыматтарды колдонуучулар үчүн да чоң мааниге ээ.

Мамлекеттик статистиканын ар бир кызматкери статистикалык комитеттин алдында турган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга жана келечекте өлкөнүн статистикалык системасын жогорку кесипкөйлүк менен өнүктүрүүгө өз салымдарын кошот деп ишенем.

Баарыңыздарга чын ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык жана мамлекеттик жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм».

 


Last updating: 29.04.2019, 10:02