2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун логотипин иштеп чыгуу боюнча конкурстук тандап алуу өткөрүлдү

Publications: 23.01.2019


Улуттук статкомдо 2019-жылдын  18-январында 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун логотипин тандап алуу боюнча конкурстук тандап алуу өткөрүлдү. Конкурстук тандап алууда логотиптин түстүү, кара-ак түстөгү 46 долбоору коюлуп, тартылган элементтерди сүрөттөө менен берилди.  Жумуштар 0дөн 5 баллга чейин эсептелип, төмөндөгү чен белгилерине жараша бааланды:

  • каттоонун максатынын мазмуну,
  • улуттук өзгөчөлүгү,
  • аларга сүрөттөөнүн болушу.

Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан чен белгилери боюнча ар бир долбоор бааланып чыкты. Бардык логотиптин долбоорун талкуулап жана баалап, комиссия экинчи турду өткөрүүнү чечти.  


Last updating: 23.01.2019, 16:51