2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиянын экинчи отуруму болуп өттү

Publications: 11.03.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын экинчи отуруму болуп өттү.

«Эл каттоонун жыйынтыктары түздөн-түз мамлекеттин демографиялык жана социалдык саясат чөйрөсүндө, ошондой эле өлкөнүн жана анын аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бардык башка багыттарында да, эмгек ресурстарынын кыймылы, жумуш менен камсыздуулук, миграция жана башка көп нерселер менен байланышкан болжолдорун жана стратегиялык программаларын иштеп чыгуу үчүн да кеңири колдонулат. Ошентип, эл каттоо бул анын абалын, экономикасын, социалдык чөйрөсүн баалоого мүмкүндүк бере турган коомдун портретин берет, бул өлкөнүн жетекчилигине тигил же бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө жардам берет», - деп А. Кожошев Комиссиянын мүчөлөрүнө кайрылды.

Отурумдун жүрүшүндө Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов республикада эл жана турак жай фондун каттоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. «Эл жана турак жай фондун эсепке алуу боюнча даярдык иштери бекитилген Календардык планга ылайык жүргүзүлүп жатат. Эл жана турак жай фондун каттоого эки жума калды. Биздин алдыбызда эл каттоону жерлеринде түз уюштуруу жана анын жүрүшүнө күн сайын көз салуу милдети турат», - дейт Бактыбек Кудайбергенов. Ушул эле учурда, каттоону сапаттуу жана өз убагында өткөрүү үчүн каттоо боюнча мамлекеттик кампания башталганга чейин алар биргелешкен күч-аракеттер менен чечилиши керек болгон бир катар пункттарды белгиледи.

Өз кезегинде, Республикалык комиссиянын отурумуна катышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери комиссия мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын эл каттоону өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдык иш-чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча календардык планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн министрликтердин, ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү мамлекеттик райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына (макулдашуу боюнча) жеке жоопкерчилик белгиленди.

 

Маалымат үчүн: “2022-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 токтому менен каттоо боюнча Республикалык комиссия түзүлгөн, анын биринчи отурумунда каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды иштетүүнүн Календардык планы кабыл алынган.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын аймагында эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өткөрүлөт. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен         2-майына чейин жүргүзүлөт жана ал биринчи жолу мобилдик тиркемени колдонуу менен электрондук форматта өткөрүлөт.

 


Last updating: 11.03.2022, 16:51