Улутстаткомдо чет элдик инвестициялардын статистикасы боюнча маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча окутуу өтүп жатат

Publications: 29.03.2018


Улуттук статистика комитетинде Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылана турган «Кыргыз Республикасында статистиканы өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын иштетүү» долбоорунун алкагында, 2018-жылдын 29-30-мартында чет элдик инвестициялардын статистикасы боюнча маалыматтарды чогултуу жана иргеп иштетүү боюнча окутуу өтүп жатат. «РПБ-6 жаңыланган эл аралык стандарттарга ылайык чет элдик инвестициялардын статистикасы боюнча бериле турган маалыматын сапатын камсыз кылуу» темасындагы ушул семинар чет элдик инвестициялардын статистикасы боюнча маалыматтарды чогултуу боюнча иш жүргүзүүчү кызматкерлер, облустук мамлекеттик статистика башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн  өткөрүлүүдө.

Семинарда №1-Инвест «Инвестициялар жөнүндө отчеттун» жаңыртылган формасынын  методологиялык негиздери берилди. Ушул окутуунун тренери, чет элдик инвестициялардын статистикасы боюнча маалыматтардын негизги методологу жана колдонуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлү чакырылды. Ошондой эле, арифметикалык жана логистикалык контролдоо, мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктун башка формаларынын көрсөткүчтөрү менен салыштыруу маселелери талкууланат, чет элдик инвестициялар боюнча отчетторду берүү учурунда көп кездеше турган каталарга конкреттүү мисалдар менен талдоолор да жүргүзүлдү.  Ушул семинардын алкагында билимди өздөштүрүү үчүн берилген таркатуу материалдарындагы каталарды табуу боюнча практикалык сабактар өткөрүлөт, маалыматты электрондук иштетүү комплексин иштетүү боюнча нускоочулук иштери да жүргүзүлөт. 


Last updating: 29.03.2018, 15:39