Улутстатком эл жана туракжай фондун каттоого даярдык тууралуу маалымат берди

Publications: 04.03.2020


Маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук статитсика комитетинин Төрагасынын орун басары Кошой Исалиев күтүлгөн эл каттоо жараяны он жылда бир боло турган өлкөдөгү маанилүү иш чара экенин баса белгилеп, жарандардын социалдык-экономикалык абалын жогорулатууга бир катар программаларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөөрүн билдирди.  

Биринчи жолу Кыргызстанда эл каттоо электрондук форматта жүргүзүлөт. Ушул максаттарда, Улутстатком Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан программалык продуктту колдонуп, кагаз түрүндөгү суроолор тизмегин электрондукка которуу үчүн каттоо материалдары Улутстаткомдун IT-адистери тарабынан көнүктүрүлгөн.  Биринчи жолу ушул мобилдик тиркеме Чүй облусундагы Токмок шаарынын аймактарында сынамык (пилоттук) каттоо учурунда тестирлөөдөн өткөрүлгөн.

2020-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө, убактылуу каттоо кызматкерлерин каттоо боюнча автоматташтырылган жаңы ыкманы киргизүү пландаштырылууда. Акыркы каттоо учурунда бул иш кол менен жазуу түрүндө жүргүзүлгөн.

Мобилдик аппараттардын Улутстаткомдун борбордук сервери менен «Альфа-Телеком» ЖАК (Megacom) менен байланыш каналы аркылуу байланышын уюштуруу үчүн туруктуу, жабык, коопсуз, интернетке чыкпай турган уюл түзүлгөн.   

Эл жана турак жай фондун каттоо үчүн каттоо барактарынын беш формасы иштелип чыккан. Каттоо барагынын суроолор жыйнагына биринчи жолу көрүү, угуу жана басып жүрүүгө байланышкан көйгөйлөрү бар калктын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүнүн чектелиши боюнча суроолорду камтыган Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын индикаторлору киргизилди.  Бул ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген калктын санын аныктоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, маалымат технологияларын жана күн батареяларын колдонууну билүүлөрү  тууралуу кошумча суроолор да киргизилген. Мындан тышкары, КМШ жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгынын алкагында каттоо барактарына эмгек миграциясы боюнча суроолордун блогу да киргизилген.

Маалымат-жыйындын катышуучулары Улутстаткомдун аймактык бөлүмдөрүндө үстүбүздөгү жылдын 25-февралынан 29-февралына чейин координаторлор үчүн окутуучу семинарлардын серияларынын биринчи этабы өткөрүлгөнүн билдиришти. Семинарлардын жүрүшүндө координаторлордун милдеттерин, мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо барактарынын мазмунун, ошондой эле аларды толтуруу тартибин жана башка суроолорду деталдуу түрдө кароо пландаштырылган. Ошону менен бирге, каттоо иштерине тартылган 500дөн ашык координаторлор окутуудан өтүштү. Мындан тышкары дагы 24 миңден ашуун каттоочуларды окутуу пландалган.

Маалымат жыйында журналисттер эл каттоого даярдыктын жүрүшү тууралуу түрдүү суроолорун ажооп алышты.


Last updating: 05.03.2020, 10:19