Улутстаткомдо Эл аралык валюта фондунун Аймактык борборунун директору менен жолугушуу болду

Publications: 13.07.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева Эл аралык валюта фондунун Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн өнүгүү потенциалы  боюнча Аймактык борборунун директору Норберт Функе менен эки тараптуу жолугушун өткөрдү.

 Жолугушуу учурунда тараптар  Улутстатком менен Эл аралык валюта фондунун Аймактык борбору менен макроэкономикалык статистика жаатындагы кызматташуудагы оң динамиканы белгилешти. Улутстаткомдун башчысынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева статистикалык маалыматтарды даярдоодогу Улутстатком менен Эл аралык валюта фондунун Аймактык борбору менен жемиштүү кызматташуусун белгиледи. Ошондой эле, Айнура Орозбаева эл аралык конокту Улутстаткомдун ишмердүүлүгү жана Эл аралык валюта фондунун Аймактык борбору кызматташууга белсенген Улутстаткомдун тийиштүү бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Өз кезегинде, Эл аралык валюта фондунун Аймактык борборунун башчысы Норберт Функе аталган эл аралык уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Улутстатком менен статистикалык маалыматтарды даярдоодогу өнөктөштүккө токтолуп, мындан ары да биргеликте долбоорлорду жүзөөгө ашыруу жаатында  Аймактык борбор Улутстаткомду колдой тургандыгын билдирди.

                 

                 

                 

 

 


Last updating: 13.07.2022, 15:27