Женевада эл каттоо боюнча семинар өтүп жатат

Publications: 25.09.2018


Бүгүн Женевада Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө үй чарба жана эл каттоо боюнча семинар өз ишин баштады.

Семинарда өлкөлөр 2020-жылдын раундунун каттоолоруна даярдыкты талкуулап, өз ара тажрыйбаларды бөлүшүп, каттоонун маалыматтары Туруктуу өнүктүрүүнүн макскаттарына кандай колдонулуусу мүмкүндүгүн карап жатышат.

Бул иш чарада Кыргызстандан Улуттук статистика комитетинин статистикалык каттоолор бөлүмүнүн башкы адиси Людмила Торгашева катышууда.

 


Last updating: 26.09.2018, 09:35