"Кыргыз Республикасында укук бузуулар жана укук тартиби" боюнча статистикалык жыйнак басылып чыкты

Publications: 13.12.2019


Жыйнак Кыргыз Республикасында укук бузуулардын жана укук тартибинин негизги көрсөткүчтөрүн, анын ичинде адамдарды сатуу, аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата кылмыштар, үй-бүлөлүк зомбулук, ошондой эле виктимологиялык изилдөөнүн маалыматтарын мүнөздөөчү, 2014-2018-жылдардагы статистикалык маалыматтарды камтыйт.

Бул жыйнак кылмыш-жаза жана административдик мыйзамдардын эски редакциясына ылайык иштелип чыккан маалыматтарды камтыган акыркы басма болуп саналат.

Жыйнак мамлекеттик башкаруу органдарынын кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын, илимий-изилдөө, укук жана социология чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө, укук бузуу чөйрөсүнүн эксперттерине жана башка кызыккан жактар үчүн арналган.

_________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү | e-mail: j.rahmanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324652

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 13.12.2019, 14:04