Улутстатком БУУнун Кыргыз Республикасын “жашыл” экономикага өткөрүү демилгесин колдойт

Publications: 17.11.2022


БУУнун демилгелеринин негизги бенефициары жана республикада PAGEти ишке ашырууда координациялык мамлекеттик орган болуп саналган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан 2022-жылдын 16-ноябрында жумушчу жыйын өткөрүлдү.
 Жыйынга Улутстаткомдун атынан төраганын биринчи орун басары Орозбаева Айнура Жантаевна жана улуттук эсептер жана экономикалык теңдемдер бөлүмүнүн адистери катышышты.
Демилгенин максаты Кыргыз Республикасынын “жашыл” экономикага өтүүсүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат, бул калктын бейпилдигин жана социалдык адилеттүүлүктү жогорулатууга, ошондой эле экологиялык тобокелдиктерди олуттуу азайтууга шарт түзөт.
Ушуга байланыштуу, Улутстатком ЭЭУнун финансылык жана техникалык колдоосу менен республиканын өнүгүүсүн талдоо жана кыска мөөнөткө болжолдоо үчүн зарыл болгон ресурстардын жана колдонуунун таблицаларын (РКТ) жыл сайын иштеп чыгуу процессинде Социалдык эсептердин матрицасын (СЭМ) иштеп чыгуу үчүн алынган натыйжаларды пайдалануу максатында, өлкөдөгү чарба жүргүзүүчү субъекттердин, ошондой эле экологиялык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөрдүн тандалма изилдөөсүн өткөрүүнү пландоодо. 


Last updating: 17.11.2022, 14:51