Улутстаткомдо өтө кедейчилик маселеси боюнча БУУнун атайын баяндамачысы менен жолугушуу болуп өттү

Publications: 30.05.2022


2022-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева БУУнун өтө кедейчилик жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Оливье де Шуттер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген кедейчиликтин чегин эсептөө методикасынын негизинде иштеп жаткандыгы белгиленди, ал жыл сайын кедейликтин көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөөгө жана эсептөөгө мүмкүндүк берет.

Кедейликтин көрсөткүчтөрүн эсептөө үчүн маалымат булагы болуп саналган үй чарбалардын жана жумушчу күчтөрдүн бюджеттерине кварталдык мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз негизде интеграцияланган изилдөө жүргүзүлөт. Бул изилдөө үзгүлтүксүз мүнөзгө ээ жана Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынат.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча өзүнө милдеттенме алгандыгы тууралуу маалымат берилди. Жана Улутстатком отчеттуулуктун улуттук платформасында (Улутстаткомдун сайтында) машина менен окула турган форматта жайгаштырылган 108 глобалдык жана 57 улуттук көрсөткүчтөрдү байкап турат.

Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева мейманды Улутстаткомдун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдады жана БУУ менен Кыргызстандын Улутстаткомунун ортосундагы Жалпы өз ара аракеттешүү статистиканы жакшыртууда оң натыйжа берет деген үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде, Оливье де Шуттер жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, анын миссиясы Кедейлик маселелери боюнча атайын баяндамачы катары сунуштамаларды берүү, кандай кыйынчылыктар бар, өлкөнүн программалары аткарылышы үчүн абалды кантип жакшыртууга болот.

Ал Улутстаткомдун маалыматтарын Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн кеңири колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

                

                

                

 

 


Last updating: 07.06.2022, 09:36