Улутстаткомдо Статистика боюнча кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Publications: 14.11.2017


Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө жобого ылайык отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө" жаңы мыйзамынын долбоору каралды. 

Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-мартындагы №144 токтому менен бекитилген 2015-2019-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын 1-пунктун аткаруунун алкагында жүзөгө ашырылат.  

Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу Бүткүл Дүйнөлүк Банктын "Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларын ишке ашыруу" долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Жаңы мыйзам БУУнун статистика жаатындагы фундаменталдык принциптерине толугу менен дал келет.

Расмий статистиканын жаңы системасы, БУУнун статистика жаатындагы фундаменталдык принциптери, Улутстаткомдун расмий статистиканы жайылтууга, Статистика боюнча кеңештин ишине жарандык коомду тартууга карата ачык саясаты Мыйзам долбооруна киргизилген негизги жаңы киргизүүлөр болуп саналат.

Статистика жөнүндө жаңы мыйзам Улуттук статистика системасын түзгөн органдардын укуктарын жана милдеттерин, расмий статистиканы иштеп чыгуу, өндүрүү жана жайылтууда колдонулуучу принциптерди жана жол-жоболорду аныктайт. Муну менен бирге Улуттук статистика комитети Мыйзамда өлкөнүн Президентинин буйругу менен түзүлгөн алдыңкы ведомство жана кесиптик көз карандысыз орган катары аныкталат. Мындан сырткары Улуттук статистика комитети өзүнүн жеке жогорку органына - расмий статистиканын өндүрүүчүлөрүнөн жана анын колдонуучуларынан турган Статистика боюнча кеңешке автономиялуу мамлекеттик орган болуп саналат.  

Мыйзамда маалыматтарды статистикалык максатта берүүчү респонденттердин милдеттери, алардын укуктарынын кепилдиктери жана жашыруун маалыматтарды коргоо жөнүндө жобо да көрсөтүлдү. Ошондой эле Мыйзам менен Улуттук статистика комитетинин административдик маалыматтардын булактарын алуу мүмкүнчүлүгү жана алардын статистикалык максаттарда колдонулушу жөнгө салынат.

Мыйзамдын жаңы редакциясында камтылган негизги элементтер төмөнкүлөр:  

- административдик маалыматтардан айырмаланып туруучу расмий статистикалык маалыматтарды аныктоо;

- расмий статистиканын өндүрүүчүлөрүн аныктоо жана бөлүү;

- расмий статистиканы өндүрүүчү органдардын кесиптик көз карандысыздык принциби;

- Улуттук статистика комитетинин расмий статистиканын алдыңкы өндүрүүчүсү жана өлкөдөгү расмий статистика системасынын координатору катары ролу;

- колдонуучулардын күнүмдүк жана келечектеги муктаждыктарына багытталган ыкчам жана стратегиялык программаларды түзүү;

- маалыматтарды топтоо боюнча ыйгарым укук жана административдик маалыматтардын булактарын алууга мүмкүнчүлүк;

- жашыруун статистикалык маалыматтар менен иштөөнүн принциптери жана жол-жоболору;

- колдонуучулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен сапатты башкаруу;

- бардык тийиштүү топтогу колдонуучуларга расмий статистиканы жайылтуунун принциптери.

Жалпылап айтканда, Мыйзамдын жаңы редакциясы чыныгы маалыматтардын негизинде саясий чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле экономикалык жана социалдык реформалар процессинде ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү курал болуп саналган расмий статистиканын сапатын жана ишенимдүүлүгүн көтөрүүгө багытталган жана саясий чечимдерди кабыл алуучу жактарга керектүү стратегияларды иштеп чыгууга, өз ишинин натыйжасына мониторинг жүргүзүүгө жана аны объективдүү баалоого мүмкүндүк берет.

Кеңеш мыйзам долбоорун кароонун жыйынтыгында сын-пикир жана сунуштарды эске алуу менен бирге мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу тууралуу чечим кабыл алды жана Улутстаткомго мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу жана кийинки жол-жоболорду бекитүү үчүн мыйзам долбоорун андан-ары аткаруу сунушталды.  


Last updating: 14.11.2017, 13:36