Статистиканын тарыхы

1926-жылдын 29-апрелиндеги Кара-Кыргыз  обревкомунун токтому менен статистика боюнча комитети уюшулган, анда ага статистикалык маалыматтарды ар тараптуу  иштеп чыгуу, ошондой эле ошол учурда ар кандай ведомстволор жана мекемелердин курамында болгон статистикалык органдардын иш-аракеттерин координациялоо боюнча маселелери жүктөлгөн.  

  • 1927-жылдын октябрында  ВЦИК  жана  СНК РСФСР  тарабынан жергиликтүү  мамлекеттик статистика органдары жөнүндө типтүү жобосу бекитилген, ага ылайык,  Кыргыз АССРнин элдик комиссарлар  Кеңешине караштуу борбордук статистика башкармалыгы (БСБ) түзүлгөн.
  • 1930–жылы БСБ органдары ЦИК жана  СНК СССР  токтомуна ылайык  өз алдынча ведомство катары кыскартылган, ал эми БСБнын функциялары Мампландоого өткөрүлүп берилген.
  • Кыргыз ССРнин  Мампланынын алдында 1936-жылы Элдик-чарбаларды эсепке алуу башкармалыгы (ЭЧЭБ) – республиканынын башкы статистикалык органы түзүлгөн.
  • 1941-жылдын 7-апрелинен тартып Мампландын ЭЧЭБы аталышы Кыргыз ССРнин  БСБ аталышына которулган. Облустук ЭЧЭБ облустук статистика башкармалыктары болуп уюшулган.  Жерлердеги райондук аткаруу комитеттери  жана шаардык кеңештердин ордуна райондук (шаардык) статистикалык инспектуралар  түзүлгөн.
  • СССР Министрлер Кеңешинин 1948-жылдын 10-августундагы токтомуна ылайык, БСБ Мампландын системасынан бөлүнүп, өз алдынча ведомство болуп түзүлгөн. Кыргыз ССРнин  Мампланы Кыргыз ССР Министрлер  Кеңешине караштуу, ошондой эле СССР БСБга баш ийүү менен Кыргыз ССРнин  Мампландын БСБы болуп кайрадан уюшулган.
  • 1987-жылы Кыргыз ССРнин БСБы Статистика боюнча Мамлекеттик комитети болуп кайрадан уюшулган. (Кыргыз ССРнин Мамстаткому).

 Мамлекеттик статистиканын тарыхындагы  маанилүү доору бул 1994-жыл болуп калды.  

Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика комитети болуп уюшулган жана Республиканын Өкмөтүнүн курамынан чыккан, бул  мамлекеттик жана саясаттык түзүмдөрдүн  таасиринен мамлекеттик статистика комитетинин көз карандысыз  болуусуна  кепилдик болуп саналган. 

       Ушул эле жылдын май айында статистикалык системасында жаңы структуралык өзгөрүүлөр болуп өтөт. Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын  Улуттук статистика комитети жөнүндө”    1994-жылдын 30-майындагы  Жарлыгына кол койгон, ага ылайык, Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик статистика комитетине  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети статусу берилген.  Жаңы статуска ылайык Улуттук статистика комитети бир гана республиканын Президентине отчет берет. Кыргыз Республикасынын  статистикалык кызматынын көз карандысыздык статусун  КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи алган.

      Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети  аймактык  деңгээлде 7 облустук  (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Чүй облустук статистикалык башкармалыктары) башкармалыктары, Бишкек жана Ош  шаардык  мамлекеттик статистика башкармалыктары менен иш жүргүзөт.

 

 

 

Акыркы жаңылоо: 17.04.2019, 15:20