1-ноябрда Улутстатком Ачык эшиктер күнүн өткөрөт

Басылмалардын датасы: 31.10.2017


Эртең, 1-ноябрда, саат 10:00, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети “Бардыгы үчүн статистика”  темасында Ачык эшиктер күнүн өткөрөт.

Иш-чарага министирликтердин жана административдик мекемелердин, окуу жайларынын, массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун, ошондой эле, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чаранын Программасында,  “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы редакциясы менен тааныштыруу, ошондой эле, статистикалык маалыматтарды таратуунун заманбап методдору жөнүндөгү маалыматтарды камтыган, жашоо минимуму, орточо айлык акы, республиканын тышкы соодасы жана улуттук деңгээлде Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын индикаторлорун адаптациялоо жана байкоо жүргүзүү жөнүндө бир катар презентацияларды көрсөтүп берүү каралган.

 

Иш-чарага  катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 4-этаж, Жыйындар залы).

 

 


Акыркы жаңылоо: 31.10.2017, 14:10