Республикада негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери аяктоодо

Басылмалардын датасы: 13.11.2019


Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз) 548,6 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,5 пайызга көп, бастырылган эгиндер  (алгачкы кабыл алынган салмакта) 1 813,6 миң тонна, же 1,5 пайызга көп.

2019-жылдын 23-октябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тийиштүү күнүнө  карата

 

2018

2019

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз), миң га

548,1

548,6

0,5

100,1

Бастырылгандан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта) (дан буурчак өсүмдүктөрү күрүч жана гречкасыз), миң т

1787,3

1813,6

26,3

101,5

1 гектардан, ц

32,6

33,1

0,5

101,5

бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

665,7

636,6

- 29,1

95,6

бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

463,2

494,5

31,3

106,8

Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

111,9

113,7

1,8

101,6

Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөрү миң т

36,2

31,9

- 4,3

88,1

Казылган кант кызылчасы (фабрикалык), миң т

481,8

547,4

65,6

113,6

  Жыйналган тамеки (физикалык салмакта) миң т

1,8

0,9

- 0,9

51,1

Жыйналган пахта-чийки зат (физикалык салмакта)      миң т

70,0

77,3

7,3

110,5

  Казылган картошка аянты, миң т га

84,4

79,2

- 5,2

93,8

Жыйналган картошка, миң т

1423,0

1354,6

- 68,4

95,2

1 гектардан, ц

168,5

171,0

2,5

101,5

Жыйналган жашылчалар, миң т

1028,1

1056,8

28,7

102,8

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү миң т

244,8

241,0

- 3,8

98,4

Жыйналган мөмө -жемиш өсүмдүктөрү миң т

245,6

260,3

14,7

106,0

 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы 6,8 пайызга, анын ичинде Жалал-Абад облусунун чарбаларында – 36,4 пайызга, Ошто – 19,2 пайызга,  Баткенде – 13,7 пайызга, Нарында – 9,9 пайызга жана Чүй облусунун чарбаларында – 2,8 пайызга көбөйгөн.                  

Жалпы  республика боюнча мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүү 6 пайызга, анын ичинде Ысык-Көл облусунун  чарбаларында – 18,8 пайызга, Баткенде – 5 пайызга,  жана Жалал-Абад облусунун чарбаларында – 4,9 пайызга өстү.
Муну  менен катар  картошканы  өндүрүү  үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата  өткөн  жылдын  ушул  мезгилине  караганда  4,8  пайызга, анын  ичинде  Талас  облусунун  чарбаларында  –  8,7  пайызга, Ысык-Көлдө – 8,5 пайызга жана Чүй облусунун чарбаларында  - 4,0 пайызга кыскарды.

Буудайдын дүң жыйымы өткөн   жылдын  ушул   күнүнө салыштырмалуу  4,4 пайызга, анын ичинен Нарын облусунун чарбаларында – 24,9 пайызга, Ошто – 12,5  пайызга, Таласта – 11,7 пайызга жана Чүй облусунун чарбаларында – 1,9 пайызга төмөндөдү.

Кант кызылчасын өндүрүү 13,7 пайызга көбөйгөн, анын ичинен Талас  облусунун  чарбаларында  –  28,1  пайызга, Чүй облусунун чарбаларында 13,2 пайызга, пахтаны өндүрүү 10,5 пайызга, анын ичинде Баткен облусунун чарбаларында – 15,5 пайызга  Ош облусунда - 18,6 пайызга жана Жалал-Абад облусунун чарбаларында – 8,7 пайызга өстү.

____________________________________________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 13.11.2019, 12:16