12 - июнда Улутстаткомдо пресс-конференция өткөрүлөт
Басылмалардын датасы: 11.06.2018
2018-жылы 12-июнда, эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети төмөнкү темалар боюнча пресс-конференция өткөрөт:
- 2018-жылдын январ-майында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө;
- 2017-жылда Кыргыз Республикасынын калкынын жакырчылык деңгээли жөнүндө;
- 2016-жылдагы байкоо жүргүзүлбөгөн экономика;
- 2017-жылда Кыргыз Республикасында калкты социалдык камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө.
Пресс-конференцияга катышууну каалагандардын баары чакырылат.
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз катчысы
т.: + 996 (312) 625 747
e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).