25-мартта республикада Эл жана турак жай фондун каттоо башталат

Басылмалардын датасы: 24.03.2022


Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 24-мартында, Хаятт мейманканасында Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого арналган чоң пресс-конференция болуп өттү, анда Министрлер кабинети жана Улуттук статистика комитети 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өткөрүлө турган эл жана турак жай фондун каттоо расмий башталгандыгын жарыялады.

Иш-чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү боюнча республикалык комиссиянын төрагасы Арзыбек Кожошев кайрылды. «Эл каттоо жөн гана статистика эмес, бул мамлекеттик деңгээлдеги өтө маанилүү тарыхый окуя. Каттоонун жыйынтыгы калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган натыйжалуу мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары  Зайнидин Жумалиев азыркы учурда Улутстатком өлкө үчүн бул маанилүү иш-чараны өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи. «Алдыдагы каттоонун уникалдуулугу ал биринчи жолу электрондук форматта жүргүзүлгөндүгүндө. Бул респонденттерден маалыматтарды чогултуу жол - жобосунун ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун гана эмес, каттоочулардын маалымат алуудагы ыңгайлуулугун да камсыз кылат», - деп белгиледи Зайнидин Жумалиев.

Каттоо кампаниясына Кыргызстандын бардык аймактарынан 28 миңге жакын адам катышат, алардын 25 миңи - каттоочулар. Каттоочу болуп физикалык жактан активдүү, мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле мобилдик тиркемени билген 18 жаштан жогорку Кыргыз Республикасынын жарандары эсептелет. Каттоо формалары 40тан ашык негизги суроолорду камтыган беш сурамжылоо барагын камтыйт.

Андан кийин чогулгандарга БУУнун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу (ЮНФПА) фонд кеңсесинин башчысы Азамат Баялинов кайрылды, ал калктын демографиялык жана социалдык мүнөздөмөлөрү жөнүндө кеңири маалымат алуу үчүн каттоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Коронавирустук инфекциянын таралышына жол бербөө үчүн Улутстатком Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте каттоо жүргүзүү мезгилинде анын таралышына жол бербөө боюнча аракеттердин алгоритмин иштеп чыкты. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн финансылык колдоосу менен жеке коргонуу каражаттары сатылып алынды жана азыркы учурда Улутстатком жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү алдыдагы каттоону өткөрүүгө толук даяр.

Белгилей кетсек, каттоонун жыйынтыгы демографиялык жана социалдык саясатта, ошондой эле өлкөнүн жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн кеңири колдонулат. Каттоонун жыйынтыгы коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жөнүндө маалыматты алууга мүмкүндүк берет, ал тигил же бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.

Алдыда боло турган эл жана турак жай фондун каттоого тиешелүү ар кандай суроолор боюнча Call-Борборуна (1216 телефону) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык каттоолор бөлүмүнүн (+996 (312) 325336 телефону) кызматкерлерине берсе болот.

_________________________________________________________________

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

              

             

             

              

             

              

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 24.03.2022, 12:19