Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин 40 пайыздан ашыгы керектөөчүлүк муктаждыктарга берилди

Басылмалардын датасы: 19.08.2022


Жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 17,4 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 298 миңге жакын адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 9,5%, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 1,7% азайды.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 18,5%), Ош (18%), Чүй (16%) жана Жалал-Абад (14%дан ашык) облустарынын алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 42% керектөөчүлүк муктаждыктарга берилди, 28% - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды, 12% - соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 6%дан ашыгы - курулушка берилди. Муну менен бирге өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарга берилген микрокредиттердин үлүшүнун олуттуу көбөйүшү - 9,8 пайыздык пунктка байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү, тескерисинче, 4,9 пайыздык пунктка кыскарды.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

                  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

_________________________________________

Каржы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2022-жылдын 19-августу


Акыркы жаңылоо: 19.08.2022, 16:29