2022-жылы берилген микрокредиттердин 48 пайыздан ашыгы керектөө муктаждыктарына багытталды

Басылмалардын датасы: 28.03.2023


2022-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 39 млрд. сомдон ашты, мында алуучулардын саны 672 миң адамды түздү. Микрокредиттерди алган калктын саны 2021-жылга салыштырганда 4,3%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 6%га көбөйгөн.

Калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (7,4 млрд. сом же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19,0%ы), Ош облусунун (6,8 млрд. сом же 17,4%), Чүй (6,4 млрд. сом же 16,3%) жана Жалал-Абад облустарынын (5,7 млрд. сом же 14,6%) алуучуларына берилген.

2022-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48,5%ы керектөө муктаждыктарына, 23%дан ашыгы айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 11,7%ы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6,3%ы курулушка багытталды. Муну менен бирге мурунку жылга салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарына берилген микрокредиттердин үлүшүнүн олуттуу - 10 пайыздык пунктка көбөйүшү байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү тескерисинче 5,1 пайыздык пунктка, курулушка берилген микрокредиттердин үлүшү 2,1 пайыздык пунктка кыскарды.

Алуу максаттары боюнча калкка микрокредиттердин берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

2022-жылы микрокредиттерди белгиленген мөөнөткө ылайык кайтаруунун деңгээли мурунку жылга салыштырмалуу 1,6 пайыздык пунктка көбөйүп, 97,1%ды түздү.

Финансы статистикасы бөлүмү         |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;          |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 28.03.2023, 15:40