Тургундар тууралуу бардык маалыматтар, биздин ар бирибиз тууралуу өзүнчө эмес, жалпыланган, жыйынтыкталган түрдө гана колдонулат

Басылмалардын датасы: 26.03.2022


Урматтуу мекендештер!

Сиздерге маалым болгондой, азыркы учурда 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо жүрүп жатат. Биз, статистика органдарынын кызматкерлери, бул иш-чарага катуу даярданганбыз жана аны план боюнча 2020-жылы өткөрүшүбүз керек болчу, бирок коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепетинен эл каттоо кийинки жылга жылдырылган.

Үстүбүздөгү жылы биз 25 миңдей эл каттоочуларды жана 3 миңге жакын алардын жетекчи-жардамчыларын окутуп, эл каттоону өткөрүүгө даярдадык, бул өлкөнүн 6 миллиондон ашык калкы үчүн анча деле көп эмес. Каттоочулардын баардыгы жергиликтүү тургундардын арасынан мэриялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан убактылуу каттоо ишине алынган кызматкерлер. Алар статистика органдарында туруктуу иштеген кызматкерлер эмес. Убактылуу жалданма кызматкерлерди ишке тартуу практикасы биздин өлкөдө жана эл каттоо кампаниясы жүрүп жаткан мезгилде бардык өлкөлөрдө болуп келген.

Ар бир каттоочунун өзүнө бекитилип берилген туруктуу мини участогу (үйлөр, батирлер) бар, ал жерде ал жашаган элди - ар бир жашоочуну, анын ичинде ымыркайларды жана картайган адамдарды каттап санап чыгышы керек.

Коопсуздук жана каттоочунун күбөлүгүнүн аныктыгын күбөлөндүрүү максатында ар бир каттоочунун күбөлүгүндө уникалду QR-коду (кю ар код/ штрих код) болот. Жооп берип жаткан адам (респондент) үйүнө алдамчы эмес чыныгы каттоочу келгенин тактоо үчүн, өздөрүнүн уюлдук телефону аркылуу каттоочунун күбөлүгүндөгү QR-кодту сканерден өткөзүп, каттоочу жөнүндө маалымат алууга болот. Скандоо жүргүзүлгөндөн кийин уюлдук телефондун экранында УСКнын серверине шилтеме (ссылка) пайда болот, анда каттоочу боюнча маалымат: анын сүрөтү жана фамилиясы, аты жана атасынын аты жайгаштырылган. Бирок ушул эле учурда жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо максатында аты жөнүнүн тамгаларынын кайсы бир бөлүгү жабык болот. QR-кодунун үстүнө мөөр коюлбай турганын эске алуу керек.

Каттоочу ар бир адамга кандай суроолорду берет?

Эл каттоочу ар бир жашоочуга жашы, улуту, туулган өлкөсү жана жарандыгы бар өлкөсү, анын жашоосундагы миграциялык кыймылдар, билим деңгээли, тилдерди билүүсү, кайда жана ким болуп иштей турганы жөнүндө (айлык акынын өлчөмүн сурабастан), каражатынын булагы жөнүндө (эч кандай сумманы көрсөтпөстөн), ден соолук көйгөйлөрү жана башка кээ бир маселелер жөнүндө суроолорду берет.

Аялдардан ал төрөгөн балдардын саны жөнүндө суралат. Балдар үчүн суроолор азыраак болот, бирок аларга мектепте окуйбу, бала бакчага барабы жана өнүктүрүү кружокторуна (бул дагы окуунун жана өнүгүүнүн этаптары болот), ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бар-жогу жөнүндө суроолор берилет.

Турак жай жөнүндө, анын курулган жылы, жалпы жана жашоо аянтынын өлчөмү, турак жайларды жакшыртылган шарттары (электр энергиясы, газ, суу менен камсыздоо, ажаткана жана канализациянын болушу) жөнүндө, жылытуу системалары жана таштандыларды чыгаруу жана башкалар жөнүндө суроолор берилет.

Эл каттоочулар үй жаныбарлардын бар-жогу жөнүндө суроолорду бербейт, бул суроолор каттоо анкеталарында жок, себеби бул каттоо эл жана турак жайды каттоо боюнча өтөт. Бардык суроолордун көпчүлүгү мурда 1999-жылы жана 2009-жылы өткөн каттоолордо берилген суроолор.

Каттоочуну үйүңүзгө киргизүүгө сиздер милдеттүү эмессиздер. Бул үй ээсинин эрки, каттоочуга үйдөн сырткары да жооп берсе болот.

Эгерде каттоочу бир нече жолу үйүңүздөргө келип, ал убакта сиздер үйүңүздөрдө жок болуп калсаңыздар, каттоочу маалымдама таштап кетет. Анда каттоочу тууралуу маалыматтар, анын байланыш телефону, инструкторлор менен координаторлор иш алып барган штабдын дареги белгиленет. Кайсы жерге барып, кайсы убакта каттоодон өтсө боло турган маалыматтар да камтылган.

Сизден эч кандай тастыктоочу документтер (паспорт, үйгө же батирдин техпаспорту, билим тууралуу диплом ж.б.у.с.) талап кылынбайт, сиздин оозеки айткан сөздөрүңүздөн айтылган маалымат гана жазылат. Ал эми тургундар тууралуу бардык маалыматтар, биздин ар бирибиз тууралуу өзүнчө эмес, жалпыланган, жыйынтыкталган түрдө гана колдонулат деп ишендирип кетебиз.

Башкача айтканда, эл каттоо - коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жонүндө айтууга мүмкүндүк берүүчү коомдун көз ирмемдик портретин билдирет жана тигил же бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет. Эл каттоонун жыйынтыктары алдыдагы жылдарга республиканын калкын жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү үчүн негиз болуп калат.

Сизден эл каттоочу тарабынан берилген анкетадагы суроолорго жооп берүүңүздөрдү суранабыз. Кыргызстанда ар бир адам маанилүү!

           


Акыркы жаңылоо: 27.03.2022, 13:43