Медицина кызматкерлеринин күнү: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 30.06.2023

Жыл сайын, июль айынын биринчи жекшембисинде, республиканын медициналык уюмдарынын кызматкерлери Медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.

2022-жылы калкка медициналык жардамды 180 оорукана уюмдары, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 52уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана 1 067 фельдшердик-акушердик пункттар көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 17 жалпы медициналык практика борбору иштеген, ал эми анын ичинде 151 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеди.

2022-жылы калкка медициналык-санитардык жардамды 13 миңден ашык дарыгерлер жана 34 миңден ашык медайымдар көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 19 дарыгер жана 49 медайым туура келген.

2022-жылы дарыгерлердин жана орто медициналык персоналдын саны
(калктын 10 000не) 

2022-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер болуп, терапевттик (4,0 миң адам) жана хирургиялык (2,1 миң) профиль боюнча, стоматологдор (тиш дарыгери) (1,1 миң), акушер-гинекологдор (1,0 миң) жана педиатрия профилиндеги дарыгерлер (900 дөн ашык адам) болгон. 

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 32 46 52, 66 40 42.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Акыркы жаңылоо: 30.06.2023, 15:30