Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 08.12.2023


Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү 1995-жылы 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан расмий түрдө негизделген жана биринчи жолу 1996-жылы белгиленген.

Кино тармагы революцияга чейинки Кыргызстанда эле өнүгө баштаган, Пишпек шаарынын борборундагы Эмен сейил багында (Дубовой парк) “Эдиссон” атындагы кинотеатр курулган. 

1926-жылдын башында республикада 150дөн ашык кино коюучу шаймандар болуп, алардын 83 айыл жерлеринде жайгашкан.

1950-жылы кино коюучу шаймандардын саны олуттуу көбөйүп, 1958-жылы телестудиянын имараты пайдаланууга берилген, ал эми ошол эле жылы 8-декабрда кыргыз телекөрсөтүүсүндө биринчи маалыматтык программа эфирге чыккан.

Бул күн республикалык жеке телевизиондук берүүнүн башталышы болуп саналат. 

Алгачкы убактарда телестудия эфирге жумасына төрт жолу чыккан, ал эми суткалык телепрограммалардын узактыгы бир саатты гана түзгөн. Берүүлөр кыргыз жана орус тилдеринде берилип, кара-ак түстө көрсөтүлгөн. 1979-жылы өлкөнүн дээрлик бардык калктуу пункттары кыргыз телекөрсөтүүсүнүн суткалык берүүсүн көрө башташкан. 

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча 2023-жылдын башына карата республиканын аймагында 160 көз карандысыз телерадиокомпания иш жүргүзгөн, анын ичинде республикалык «Радиотелецентр», «Новая Телевизионная Сеть» телерадиокомпаниясы, «Пирамида» радиотехникалык борбору, «Европа» радиокомпаниясы, «Независимое Бишкекское Телевидение» жана башкалар бар.

2022-жылдын башына карата республикада 260 телерадиоберүү каналы иш жүргүзгөн. Ошону менен бирге эфирдик телекөрсөтүүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрү мамлекеттик жана жеке телерадиокомпаниялары тарабынан бардык региондордо көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча 2022-жылы Интернет телекөрсөтүү (IPTV) абоненттеринин саны 2018-жылга салыштырмалуу 1,2 эсеге көбөйүп, 34 миңден ашты, ал эми санариптик берүүлөрдүн абоненттеринин саны бул мезгилде 45%га кыскарып, 16 миңди түздү.


Акыркы жаңылоо: 08.12.2023, 12:42