Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 23.06.2023


Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ролун жогорулатуу максатында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өлкөнү өнүктүрүү процессине кошкон салымын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнү белгиленген.

2023-жылдын башына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын саны (коргонууну, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын маалыматтарын эске албаганда) 18 миңден ашык адамды түздү, алардын 41 пайыздан ашыгы аялдарга туура келди.

Мамлекеттик кызматты ээлеген мамлекеттик кызматкерлер
(2023-жылдын башына карата, жыйынтыгына карата пайыз менен)

 

Ошого карабастан, мурдагы жылдардагыдай эле, 2022-жылы мамлекеттик кызматта иштеген эркектердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердиги чөйрөсүндө да (59%) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да (62%) сакталып калган.

Мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген мамлекеттик кызматчылардын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин саны

 

Миң. адам

Жыйынтыгына карата пайыз менен

Мамлекеттик кызматкерлер

18,1

100

алардын ичинен

 

 

мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү

0,5

3,0

аткаруу ишмердүүлүгү

13,6

75,2

сот ишмердүүлүгү

4,0

21,8

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери

10,1

100

* Коргоону, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдарды эске албастан.

2023-жылдын башына карата мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынын жарымынан көбү (53%) ишмердүүлүгүн Бишкек шаарында жүргүзүшкөн.

2023-жылдын 2-январына карата аймак боюнча мамлекеттик кызматкерлер

(адам)

 

Мамлекеттик кызматкерлер

анын ичинде кызмат орундары боюнча

саясий жана атайын

административдик

Кыргыз Республикасы

18 069

1 298

16 771

Баткен облусу

761

33

728

Жалал-Абад облусу

1 746

82

1 664

Ысык-Көл облусу

1 052

43

1 009

Нарын облусу

899

42

857

Ош облусу

876

51

825

Талас облусу

688

37

651

Чүй облусу

1 133

28

1 105

Бишкек шаары

9 611

931

8 680

Ош шаары

1 303

51

1 252

2022-жылы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10 миңден ашык адам иштеген, алардын 8,6 миңден ашууну муниципалдык кызматкерлер болгон. Муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын үчтөн биринен көбүн аялдар түзгөн.

2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин саны
(адам)

 

Бардыгы

Алардын ичинен

саясий муниципалдык кызматтарда иштегендер

административдик муниципалдык кызматтарда иштегендер

имараттарды кайтаруу жана тейлөө боюнча персонал

Кыргыз Республикасы

10135

517

8100

1518

Баткен облусу

948

45

748

155

Жалал-Абад облусу

2028

79

1667

282

Ысык-Көл облусу

1093

66

858

169

Нарын облусу

907

65

690

152

Ош облусу

2259

92

1918

249

Талас облусу

610

39

431

140

Чүй облусу

1843

116

1440

287

Бишкек шаары

358

10

285

63

Ош шаары

89

5

63

21

Мамлекеттик кызматкерлердин кынтыксыз чынчылдыгы, жоопкерчилиги гана жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, бийликтин бардык деңгээлдеринде процесстерди натыйжалуу башкарууну сабаттуу уюштурууга мүмкүндүк берет.

 

****

Республиканын маанилүү мамлекеттик маалыматтык тутуму болуп саналган Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму рынок экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндөгү керектүү маалыматтар менен камсыздайт. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселеси боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747, e-mail: smi_nsc@stat.kg. Дареги: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 23.06.2023, 11:26