Жашоону жакшыртуу үчүн сапаттуу маалыматтар

Басылмалардын датасы: 05.03.2024


 

Мындай ураандын алдында 2024-жылдын 27-февралынан 1-мартына чейин АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Статкомиссиясынын 55-сессиясы болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты.

Иш-чаранын алкагында расмий статистиканын негиз салуучу принциптерин сактоонун маанилүүлүгү, статистикалык комиссиянын иш методдору, 2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибине мониторинг жүргүзүү боюнча иштер, чоң маалыматтарды пайдалануу, расмий статистиканын максаттары үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо боюнча демилгелер, ошондой эле мамлекеттик башкаруу статистикасын, улуттук эсептерди, экономикалык статистиканы, экологиялык-экономикалык эсепти, Айыл чарба жана айыл райондорунун статистикасын, социалдык статистиканы өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, гендердик статистика жана анын башка багыттагы маселелери каралды.

Бактыбек Кудайбергенов сессияда сүйлөгөн сөзүндө статистикалык кызматтардын, башка статистика өндүрүүчүлөрдүн жана колдонуучулардын потенциалын жогорулатуу боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүү, ошондой эле улуттук эсептер статистикасын, экономикалык, социалдык жана гендердик статистиканы өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Улутстаткомдун төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов Корея Республикасынын Статистика башкармалыгынын жетекчиси Ли Хен мырза менен жолугушту. Жетекчилер 2024-жылга пландаштырылган статистикалык системаны модернизациялоо, потенциалды жогорулатууга көмөк көрсөтүү жаатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Корея Республикасынын Статистикалык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Улутстаткому менен алдыдагы 5 жылга тыгыз кызматташууга жана 6 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле БУУнун статистика бөлүмүнүн, Росстаттын, Сербиянын статкеңсесинин, Кытай Эл Республикасынын статистикалык бюросунун өкүлдөрү жана башка статистикалык кеңселердин жетекчилери менен бир катар жолугушуулар болуп өттү, алардын жүрүшүндө расмий статистикалык маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана жайылтуу процесстерин жакшыртуу максатында кызматташтыкты бекемдөө, билим жана технологиялар менен алмашуу маселелери талкууланды.


Акыркы жаңылоо: 05.03.2024, 14:46