Биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын максималдуу орточо баалары Москва шаарында катталды

Басылмалардын датасы: 20.06.2023


Ыкчам маалыматтар боюнча 2023-жылдын май айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башка борбор шаарларына салыштырмалуу биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталды.

2023-жылдын май айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы негизги  тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары
 (килограмм, АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Астана ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

6,54

6,80

7,52

4,79

Койдун эти

6,72

6,96

9,46

-

Ак (каймак) май

5,04

10,15

13,22

8,11

Пастеризацияланган сүт, литр

0,91

0,87

1,05

0,65

Жумуртка, ондук

1,27

1,32

1,20

1,11

Биринчи сорттогу буудай уну

0,60

0,63

0,74

0,48

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,73

0,46

1,35

0,86

Картошка

0,46

0,36

0,50

0,40

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курстары боюнча
2 Буудай унунун орточо керектөө баалары
(-) - Өкүл товардын жоктугу

2023-жылдын майында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын ичинде жумуртканын максималдуу орточо чекене баасы (он даанасы 1,32 АКШ доллары) Астана шаарында, ал эми минималдуу чекене баасы (он даанасы 1,11 АКШ доллары) Минск шаарында белгиленди. Ушул эле мезгилде кой этинин (1 килограммы 6,72 АКШ доллары) жана ак каймактын төмөнкү баасы (1 килограммы 5,04 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды. Уй этинин (1 килограммы (4,79 АКШ доллары) жана пастеризацияланган сүттүн минималдуу баасы (1 литри 0,65 АКШ доллары) Минск шаарында катталды.

2023-жылдын май айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(килограмм, АКШ доллары)

2023-жылдын май айында Бишкек шаарында картошканын орточо чекене баасынын деңгээли Астана шаарында байкалган баадан 21,7 пайызга жана биринчи сорттогу ундан жасалган нандын баасынан 37,0 пайызга, Минск шаарындагы уй этинин баасынан 26,8 пайызга жогору болгон. 2023-жылдын май айында Бишкек шаарындагы жумуртканын орточо чекене баасынын деңгээли Минск шаарындагы (12,6 пайызга), пастеризацияланган сүттүн орточо керектөө баасы Астана (4,4 пайызга) жана Минск шаарларындагы (28,6 пайызга) баалардын деңгээлинен ашты.

2023-жылдын май айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы
баалар менен орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн катышы

 

Бишкек ш.

Астана ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

104,0

115,0

73,2

Койдун эти

100

103,6

140,8

-

Ак (каймак) май

100

201,4

262,3

160,9

Пастеризацияланган сүт, литр

100

95,6

115,4

71,4

Жумуртка, ондук

100

103,9

94,5

87,4

Биринчи сорттогу буудай уну

100

105,0

123,3

80,0

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

63,0

184,9

117,8

Картошка

100

78,3

108,7

87,0

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

422,0

953,3

1841,0

829,5

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү, кг менен

Уйдун эти

64,5

161,8

234,0

175,3

Койдун эти

62,9

155,6

186,0

-

Ак (каймак) май

83,7

106,9

133,0

103,5

Пастеризацияланган сүт, литр

464,9

1261,6

1672,1

1285,9

Жумуртка, ондук

332,6

796,8

1468,6

757,1

Биринчи сорттогу буудай уну

698,7

1580,1

2365,0

1748,4

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

577,7

2323,3

1298,1

976,0

Картошка

907,9

3047,4

3534,9

2095,1

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курстары боюнча
2 2023-ж апрель айында - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2023-ж. март айында - Москва ш. боюнча.
2023-ж. I кварталындагы - Астана ш. боюнча айлык орточо эмгек акы

 

ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнүн борборлору боюнча орточо айлык эмгек акынын2 сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн салыштырма талдоосу 2023-жылдын май айында Бишкек шаарындагы биринчи кезекте керектелүүчү азыктар ЕАЭБдин башка борборлорундагы деңгээлден артта калгандыгын күбөлөндүрөт, бул Бишкек шаары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, Бишкекте орточо айлык эмгек акыга 700 киллограмм ун сатып алса, Москвада 3,4 эсеге көп сатып алса болот (2365,0 киллограмм). Астана шаарында бир айлык эмгек акыга 3,0 тонна, ал эми Бишкек шаарында 900 килограмдан ашык картошка сатып алууга болот.

2 Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо айлык эмгек акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат. 

   

Баалардын статистикасы бөлүмү                              |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 20.06.2023, 09:14