Эл аралык аялдар күнү: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 06.03.2020


Кыргыз Республикасында 8-март күнү Эл аралык аялдар күнү болуп белгиленет.

Республикада 2019-жылдын башына карата аялдардын саны 3,2 миллион адамды түзгөн. Муну менен бирге, аялдардын саны эркектердин санына салыштырмалуу (50,4%) көбүрөөк болуп, Кыргызстан үчүн мүнөздүү болуп өсүүсү сакталып келүүдө.

Мурдагыдай эле, республиканын аялдарынын үчтөн экиси (65%) айыл тургундары болуп келет. Муну менен бирге, ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында, ал эми ар бир алтынчы аял - Бишкек шаарында жашайт.

2018-жылы эмгекке жөндөмдүү жаштагы аялдардын жумуш менен камсыздалган деңгээли  48% жакынын, ал эми орточо жашы - 38 жашты түздү. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир алтынчы аялдын жашы 25-29 жаш курагындагылар. Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү, соода сыяктуу иш-аракеттердин артыкча ушул түрлөрү «аялдардын» жумушу болуп саналат.

2018-жылы иштегендердин жалпы санындагы жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 27% ашыгын, ушул эле учурда, эркектердин үлүшү – 19%, ал эми кесиптик орто билими барлар тиешелүүлүгүнө жараша 17% жана 7% түздү.

Калктын жаш курактык курамына ээ болгон Кыргызстанда никелерге туруу жыштыгын жогорулатты. 2018-жылы никеге турган аялдардын саны 50 миңди түзгөн, алардын ичинен 94 пайызы - биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 18-25 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет.

Никеге турган ар бир экинчи аял 20–24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18–19 жаш же 25-29 жаш курагында болгон.

2018-жылы никеге биринчи жолу турган аялдардын орточо жашы 23,6 жашты, ал эми экинчи жолу никеге тургандардын орточо жашы - 35,2 жашты түзгөн.


Акыркы жаңылоо: 09.03.2020, 10:03