Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын жалпы көлөмүндөгү ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрү менен өз ара сооданын үлүшүнө 45 пайыздан көбү туура келди

Басылмалардын датасы: 13.10.2015


2015-жылдын январь-августунда ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрү менен товарларды өз ара соодалоонун көлөмү 1,6 млрд. долларды түздү. Муну менен бирге жалпы көлөмдөгү импорттук түшүүлөрдүн үлүшүнө 87,5 пайызы, экспортко - 12,5 пайызы туура келди.

            Кыргыз Республиканын тышкы соодасынын жалпы көлөмүндөгү бул өлкөлөр менен өз ара сооданын салыштырма салмагы 45 пайыздан көбүн түздү.

           2015-жылдын январь-августунда ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрү менен товарларды өз ара соодалоонун импортунун түзүмүндөгү негизги үлүш Россияга (66 пайыздан көбү) жана Казакстанга (32 пайызга жакыны) туура келди.

          Россиядан негизинен мунайзат продуктулары (Россиядан келген импорттун жалпы көлөмүнүн 48 пайызы), кара металлдар (6 пайыз) жана жыгач (5 пайыз) импорттолду. Казакстандан негизинен мунайзат продуктулары (Казакстандан келген импорттун жалпы көлөмүнүн 33 пайызы), дан өсүмдүктөрүнүн уругу (13 пайыз) жана кара металлдар (6 пайыз) импорттолгон.

           Товарлардын экспортун айта кетсек Казакстандын үлүшүнө 69 пайызга жакыны, Россияга - 29 пайыздан көбү жана Беларуска - эки пайыздан көбү туура келди.

          Россияга пахта (Россияга экспорттоонун жалпы көлөмүнүн 11 пайызы), электр жабдуулары (10 пайыз), тамеки (7 пайыз), мөмө-жемиштер жана жашылчалар (5 пайыз) сыяктуу товарлар экспорттолгон.

          Казакстанга негизинен кийим жана кийимге тиешелүү буюмдар (Казакстанга экспорттоонун жалпы көлөмүнун 20 пайызы), кен байлыктар (12 пайыз), сут азыктары (9 пайыз), мөмө-жемиштер жана жашылчалар (8 пайыз), бут кийимдер (6 пайыз) экспорттолгон.

__________________________________________________________________________________________________________

Тышкы экономикалык

ишмердик статистикасы               |     e-mail:gsulaimanova@stat.kg;        |       тел. + 996 (312) 324726

бөлүмү                                        |     e-mail:g.shayahmetova@stat.kg;    |       тел. + 996 (312) 324637  

                                                                                                

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 14.10.2015, 14:59