Улутстатком жана «БУУнун Аялдар» түзүмү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Басылмалардын датасы: 02.12.2023


2023-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана «БУУнун Аялдар» түзүмү гендердик статистика жаатында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Бул Меморандумдун максаты-Кыргыз Республикасында гендердик статистиканы өндүрүүнү, талдоону жана жайылтууну өркүндөтүү.

Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык системасында гендердик аспектилерди эске алуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле, Меморандумдун негизинде өтө турган иш-чаралар туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында гендердик теңчиликке жетишүү деңгээлин  сапаттуу  маалыматтарды түзүүгө жакшы  мүмкүнчүлүгүн берет.

Тараптар төмөнкү Меморандум көп жылдык кызматташтыктын жаңы баскычы болуп гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында прогресске өбөлгө болооруна ишенет.

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун пресс-катчысына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада e-mail: statistica.kg@gmail.com

Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн коммуникация боюнча адиси байланыш боюнча Гүлайым Шыгайбаевага gulaiym.shigaibaeva@unwomen.org электрондук почтасы жана +996 552 201234 телефону аркылуу кайрылыңыз.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 01.12.2023, 16:53