Улутстатком 2021-жылга экономиканын энергия сыйымдуулугунун жана электр энергиясынын сыйымдуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктады

Басылмалардын датасы: 23.12.2022


Улуттук экономиканын энергетикалык натыйжалуулугун аныктоочу эң маанилүү параметрлердин бири, ички дүң продуктунун энергиялык сыйымдуулугу жана энергиянын калктын киши башына керектөөсү болуп саналат. 

ИДПнын энергия сыйымдуулугу жана калктын адам башына энергияны керектөө         

 

2017

2018

2019

2020

2021*

ИДПнын энергия сыйымдуулугу  

Учурдагы базар баасында, бир млн. сомго шарттуу отундун тоннасы

25,3

25,5

21,6

21,8

19,0

2010=100

96,5

100,8

88,7

94,9

95,6

Калктын адам башына туура келген энергия керектөөсү, шарттуу отундун тоннасы миң адамга*

2,26

2,40

2,16

2,07

2,18

* Алдын ала маалыматтар
* ИДПнын энергия сыйымдуулугунун болгон калктын орточо санына карата болгон катышы

ИДПнын энергиялык сыйымдуулугу - бул ИДПнын көлөмүнө карата суммардык энергия керектөөсүнүн катышы катары аныкталат. 2021-жылы учурдагы рыноктук бааларда ИДПнын энергиялык сыйымдуулугу бир млн. сомго 19,0 тонна шарттуу отунду түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу бир млн. сомго 0,1 тонна шарттуу отунга төмөндөдү.

Экономиканын энергиялык сыйымдуулугунун деңгээлин жана өсүү (төмөндөө) темпин мүнөздөө үчүн маалыматтар учурдагы рыноктук бааларда да, 2010-жылы ал үчүн базалык жылдын бааларында маалыматтарды салыштыруу үчүн да түзүлгөн.

2021-жылы учурдагы рыноктук бааларда ИДПнын электр сыйымдуулугу бир млн. сомго 20,5 миң киловатт-саат түзгөн жана 2017-жылга салыштырмалуу бир млн. сомго 6,4 миң киловатт-саатка төмөндөгөн.

 

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 23.12.2022, 14:52